8-МАРТ – Эл аралык аялдар күнү: цифралар жана фактылар

Publications: 05.03.2018


Кыргыз Республикасында  8-март күнү Эл аралык аялдар күнү болуп белгиленет.  

Республиканын калкынын жалпы санынан  аялдардын салыштырмалуу салмагы -  50,5% түзүп, көп мезгилден бери өзгөрүүсүз калып келүүдө.  Республикада 2017-жылдын башында аялдардын саны 3 097,7 миң адамды түзгөн.

Мурдагыдай эле, республиканын аялдарынын үчтөн экиси – айыл тургундары, ал эми ар бир бешинчи аял  Жалал-Абад же Ош облустарында жашашса, ар бир алтынчы аял Бишкек шаарында жашайт.   

Аялдар жашаган жерлер

Шаар жерлеринде (миң адам жана %) –  1 089,1 миң адам, же 35,2%

Айыл жерлеринде (миң адам жана %) –  2 008,6 миң адам, же 64,8%

 

Эмгекке жөндөмдүү жаштагы аялдардын жумуш менен камсыздалган деңгээли - 50% түзөт. Иштеген аялдардын орточо жашы 38 жашты түзөт. Өлкөнүн экономикасында иштеген ар бир алтынчы аялдын жашы  25-29 жаш курагындагылар. «Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө», «билим берүү», «кыймылсыз мүлк менен жүргүзүлүүчү операциялар», «мейманканалар жана ресторандар» сыяктуу иш-аракеттердин артыкча ушул түрлөрү «аялдардын»  жумушу болуп саналат.

2016-жылы никеге турган аялдардын саны 47,8 миңди түзгөн.

Аялдар 18-25 жашында үй-бүлө түзүүгө ниеттенишет.

Ушул эле учурда биринчи жолу үй-бүлө түзгөн аялдардын саны 45,3 миңди түзгөн.

Никеге турган ар бир экинчи аял 20–24 жаш курагында, ал эми ар бир бешинчи аял 18–19 жаш курагында болгон.

         2016-жылы никеге биринчи жолу турган аялдардын орточо жашы 23,7 жашты, ал эми экинчи жолу никеге тургандардын орточо жашы -  36,8 жашты түзгөн.


Last updating: 05.03.2018, 08:37