Акылбек Султанов: Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн баалоо үчүн Улуттук статистика комитети Концепция сунуштады

Publications: 20.11.2020


Бүгүн, 20-ноябрда, Улутстаткомдо региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн индикаторлор системасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Султанов Акылбек Султанов сөз сүйлөдү. Төрагасынын сөзү:

Саламатсыздарбы урматтуу бугунку жыйындын катышуучулары!

Баарыбызга белгилүү болгондой өлкөбүздө региондорду, аймактарды өнүктүрүү мамлекеттин, өкмөттүн социалдык-экономикалык саясатында артыкчылыктуу багыт болуп аныкталган. “Өнүккөн аймак-өнүккөн өлкө” деген ураан айтлып жүрөт.

Ошондуктан региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн баалоо үчүн көрсөткүчтөрдүн системасын аныкташ үчүн Улуттук статистика комитети тарабынан  Концепция сунушталган. Бул жумушту аткаруу максатында атайын жумушчу топ түзүлгөн болучу. Ал өз милдетин татыктуу аткарды. Тийиштүү министирликтерде, ведомстволордо, жергиликтүү башкаруу органдарында көптөгөн талкуулалардан жана макулдашуулардан кийин региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн балоочу көрсөткүчтөрүнүн системасы түзүлүп, ал Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 28-октябрында кабыл алынган №354-б буйругу менен бекитилди.

Айтылган буйрукту аткарууга багытталган биринчи отурум бизде, Улуттук статистика комитетинде отуп жатат. Бул өтө маанилүү. Анткени, аныкталган көрсөткүчтөрдү чогултуу, жалпылоо жана өз убагында өкмөткө, тийиштүү башка мамлекеттик органдарга жеткирүү милдеттери Улуттук статистика комитетине жүктөлгөн. Биз бул милдеттерди татыктуу жана сапаттуу аткарууга бүт күч аракетибизди жумшайбыз.

         Бүгүнкү отурумга:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары – Бакиров Жетиген Жокинович;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясат бөлүмүнүн эксперти - Ташбеков Нурбек Кудайбердиевич;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти - Калмурзаев Мирбек Темирбекович;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүм башчысынын орун басары– Султанбеков Даниель Аалыевич;

катышып жатышат.

         Урматтуу Жетиген Жокинович!

Жогоруда белгилегендей жоопту маселеге байланышкан биринчи отурумду Улуттук статистика комитетинин астында өткөрүп жаткандыгыңыз үчүн сизге ыраазыбыз жана рахмат айтабыз

Кийинки сөз  сизде урматтуу Жетиген Жокинович.

 


Last updating: 20.11.2020, 17:22