2019-жылдагы камсыздандыруу компанияларынын ишмердигинин талдоосу

Publications: 22.04.2020


2019-жылы финансы секторунда 17 камсыздандыруу компаниялары ишмердигин жүргүзүштү. Мындан тышкары, эки камсыздандыруу компаниялардан ишмердикти жүргүзүү лицензиясы кайра чакырып алынды жана бирөө өнүгүү стадиясында турган. Камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 2018-жылга салыштырмалуу 23,1 пайызга (же 306,6 млн. сомго) өсүп, 1 636,1 млн. сомду түздү, муну менен бирге кирешелердин негизги көлөмү (кирешелердин жалпы суммасынын 80 пайызы же 1 308,1 млн. сому) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.
Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде төрөөн бирине (же 288,8 млн. сомго) өсүп, 1 440,6 млн. сомду түздү. Камсыздандыруу компанияларынын каражаттарын сарптоонун негизги багыттары кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдар (чыгымдардын жалпы суммасынын 46,4 пайызы) жана ишти жүргүзүүгө (27,0 пайыз) кеткен чыгымдар болуп саналды.
Откөн жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 195,4 млн. сом пайда өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды, бул 2018-жылга караганда 10 пайызга көп. 13 компания рентабелдүү болуп эсептелди, алар тарабынан 219,7 млн. сом пайда алынды, ал эми 4 компания рентабелдүү эмес болуп, 24,2 млн. сом өлчөмүндө чыгым тартты.
2019-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 218,7 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2018-жылга салыштырганда 41,3 пайызга (же 153,9 миң келишимге) аз. Түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын ичинен 190,6 миң же 87,2 пайызы жеке жактар менен, 12,8 пайызы юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди.
Келишимдердин эң көп саны ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдери боюнча (түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 50,5 пайызы же 110,4 миң бирдик) түзүлдү. Муну менен бирге алардын саны 2018-жылга салыштырганда 1,6 эсеге же 160,4 миң келишимге азайган.
2019-жылы түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринин санынын кайрадан өсүшү белгиленди. 2018-жылга салыштырганда алардын жалпы саны 6,4 пайызга же 6,5 миң бирдикке көбөйдү жана 108,3 миң келишимди түздү.

 Камсыздандыруу түрлөрү боюнча түзүлгөн келишимдердин саны
(жалпы санына карата пайыз менен)

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 2019-жылдын аягына карата 936,9 млрд. сомго жетип, 2018-жылга салыштырмалуу 20,8 пайызга же 245,4 млрд. сомго азайды. Камсыздандыруу суммасынын эң чоң төмөндөшү чарбалык кылган субъектилердин мүлкүн ыктыярдуу камсыздандыруу жана айдоочунун жүргүнчүлөргө карата милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча байкалды.
Өткөн жылдагы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсү 19,7 пайызга өсүп, 1 308,1 млн. сомду түздү.
2019-жылы камсыздандыруу учурларынын саны 7,8 миң бирдикти түздү, бул 2018- жылга караганда 10,4 пайызга аз. Ошол эле учурда камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү, тескеринче дээрлик үчтөн бирине өсүп, 167,5 млн. сомду түздү. Мында төлөмдөрдүн негизги суммасы ыктыярдуу мүлктүк (80,9 млн. сом) жана жеке медициналык (48,1 млн. сом) камсыздандырууга туура келди.
2019-жылдын аягына карата камсыздандыруу компанияларынын активдеринин наркы 4 436,7 млн. сомду түзүп, бир жылдын ичинде 7,4 пайызга көбөйдү. Жылдын аягына карата камсыздандыруу уюмдарынын милдеттенмелери 904,3 млн. сом өлчөмүндө аныкталды, бул 2018-жылдын деңгээлинен 1,6 эсеге жогору. Бул мезгил ичиндеги менчик капиталы 0,8 пайызга төмөндөп, жылдын аягына карата 3 532,5 млн. сомду түздү.

Таблица: Камсыздандыруу компанияларынын активдери, милдеттенмелери жана капиталы
(мезгилдин аягына карата; млн. сом)

 

2018

2019

Активдер

4 131,3

4 436,7

  Жүгүртүү активдери

2 586,9

2 463,7

     анын ичинен: Кыска мөөнөттүү инвестициялар

1 771,8

1 550,8

  Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер

1 544,3

1 973,0

     анын ичинен: Узак мөөнөттүү инвестициялар

1 030,9

1 465,7

Милдеттенмелер

569,2

904,3

  Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер

509,3

715,0

     анын ичинен: Камсыздандыруу резервдери

371,7

472,6

  Узак мөөнөттүү милдеттенмелер

59,8

189,3

Менчик капитал

3 562,1

3 532,5

  анын ичинен: Уставдык капитал

3 112,3

3 103,9

________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  664209, 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 22.04.2020, 16:57