2017-2019-жылдардын жана 2020-жылдын I жарым жылдыгындагы ооруулардын жана өлүмдөрдүн талдоосу

Publications: 14.07.2020


Калк арасында ооруу-сыркоо жана өлүмдөрдүн статистикасы тууралуу коомчулуктан жана жалпы маалымдоо каражаттарынан келип түшкөн кайрылуулар көбөйгөндүгүнө байланыштуу Улутстатком 2017-2019-жылдардын жана 2020-жылдын I жарым жылдыгына карата ооруулардын жана өлүмдөрдүн статистикасын Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги берген оперативдик маалыматтардын негизинде даярдалды.

Калк арасындагы ооруулар

2019-жылы республикада калктын ооруларынын 1,5 млн. учуру аныкталган, алардын 43% балдар түздү. 2019-жылы калктын ооруларга чалдыгуу деңгээли калктын 1000 эсептегенде 241 учурду түздү, бул 2017- жылдын деңгээлине караганда (256 учур) 6,2% төмөн. Түзүлгөн кырдаал, негизинен, кан жана канды пайда кылуучу органдарынын ооруларынын (24,7 пайызга), кош бойлуулук кездеги, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилдеги ооруларынын (28,6 пайызга), перинаталдык мезгилде келип чыккан айрым оорулардын (22,6 пайызга), психикалык жана жүрүм-туруму бузулуулардын (19,1 пайызга), эндокриндик системасынын, тамактануунун жана зат алмашуунун бузулушу ооруларынын (18 пайызга), сийдик-жыныс системасынын ооруларынын (17,8 пайызга) жана дем алуу органдарынын ооруларынын (11 пайызга) төмөндөөсү менен шартталган.

Ошону менен бирге, тамак сиңирүү органдарынын ооруларынын (36 пайызга), симптомдору, белгилери жана  так эмес аныкталган абалдардын (24,8 пайызга) жана тубаса аномалиялардын (14,8 пайызга) өсүүсү белгиленди (1-таблица).

1-таблица: Оорулардын негизги топтору боюнча калктын оору-сыркоосу

 

Оору


 калктын 1 000ине

карата оору

2019-жыл   2017-жылга карата пайыз менен

 

2017

2018

2019

2017

2018

2019

Биринчи жолу коюлган диагноз менен ооругандарды саны, учур

1 590 013

1 584 639

1 553 429

256,5

250,6

240,6

93,8

   анын ичинен:

 

 

 

 

 

 

 

жугуштуу жана мите оорулары

88 420

89 591

93 560

14,3

14,2

14,5

101,6

шишик оорулары

10 203

10 356

9 973

1,6

1,6

1,5

82,0

кан жана канды пайда кылуучу органдарынын оорулары

64 522

55 989

50 578

10,4

8,9

7,8

75,3

эндокриндик системасынын оорулары,
   тамак сиңирүүнүн, зат алмашуунун жана иммунитеттин бузулушу

28 002

25 982

23 920

4,5

4,1

3,7

82,0

психиканын жана жүрүм-турумдун бузулушу

11 979

10 894

10 096

1,9

1,7

1,6

80,9

 нерв системасынын оорулары

44 895

46 538

44 514

7,2

7,4

6,9

95,2

көз оорулары жана ага байланыштуу оорулар

83 580

89 916

89 323

13,5

14,2

13,8

102,6

кулак оорулары жана упсу сымал бүртүктүн оорулары

56 973

54 856

58 058

9,2

8,7

9,0

97,8

кан айлануу системасынын оорулары

58 877

53 565

56 739

9,5

8,5

8,8

92,5

дем алуу органдарынын оорулары

574 088

593 804

531 940

92,6

93,9

82,4

89,0

 алардын ичинен пневмония

19 233

19 980

28 588

3,1

3,2

4,4

142,7

тамак сиңирүү органдарынын оорулары

132 958

127 867

188 301

21,5

20,2

29,2

136,0

тери жана тери астындагы клетчатканын оорулары

79 335

79 206

77 686

12,8

12,5

12,0

94,0

сөөк-булчуң системасынын жана бириктирме ткандардын оорулары

55 468

56 351

55 000

8,9

8,9

8,5

95,2

табарсык системасынын оорулары

121 509

112 570

104 086

19,6

17,8

16,1

82,2

кош бойлуулук кездеги, төрөт учурундагы, төрөттөн кийинки мезгилдеги оорулар

69 571

66 301

50 540

43,8

41,2

31,3

71,4

 перинаталдык мезгилде келип чыккан айрым оорулар

9 420

7 022

7 596

1,5

1,1

1,2

77,4

тубаса аномалиялар

5 292

5 789

6 327

0,9

0,9

1,0

114,8

симптомдору, белгилери жана так эмес аныкталган абалдар

6 010

6 183

7 814

1,0

1,0

1,2

124,8

жаракаттар жана уулануулар

88 911

91 859

87 378

14,3

14,5

13,5

94,3

2019-жылы оорулардын түзүмүн 34% - дем алуу органдарынын оорулары, 12% - тамак сиңирүү системасынын оорулары, 7% - сийдик-жыныс системасынын оорулары, 6% - жугуштуу жана мите оорулары, 5% - жаракаттар жана уулануулар, 4% - кан айлануу системасынын оорулары түздү (1-график).

1-график: 2019-жылы калктын ооруларга чалдыгуу структурасы

(жыйынтыкка карата пайыз менен)

Дем алуу органдарынын ооруларынын түзүмүндө 76% өйдөңкү дем алуу жолдорунун өткүр респиратордук инфекциялары жана 13% жакын ылдыйкы дем алуу жолдорунун өткүр респиратордук инфекциялары жана  5% ашык пневмония түздү (2-график).

2-график: 2019-жылы дем алуу органдарынын оорусуна чалдыгуу структурасы

2019-ж. республикада пневмония оорусуна байланыштуу кайрылган 31 199 оорулуу катталган, анын ичинен 0-14 жаш курактагы 26 121 балдар (пневмония менен ооругундардын жалпы санынын 83,7%), 15-17 жаш курактагы 258 өспүрүмдөр (0,8%) жана 18 жаш жана андан улуу 4 820 адам (15,5%) катталган. Өмүрүндө биринчи жолу  «пневмония» диагнозу менен 28 588 оорулуулар аныкталган, алардын ичинен  0-14 жаш курактагы 24 121 балдар (пневмонии менен ооругандардын жалпы санынын 84,4%).

Саламаттык сактоонун оперативдүү маалыматтары боюнча, 2020-ж. январь-июнунда пневмония ооруларынын 11 873 учуру катталган, 2019-жылдын тийешелүү мезгилинде  19 612 учур. 2020-ж. 6 айында пневмониядан өлгөндөрдүн саны 277 түздү, 2019-жылдын январь-июнунда 318 учур (2-таблица).

2-таблица:  2019-2020 жж.. 6 айына карата пневмония оорусунун катталган учурларынын жана пневмониядан өлгөндөрдүн саны

( Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин оперативдүү маалыматтары боюнча)

Регионы

Пневмония менен ооруган учурлардын саны

Пневмониядан өлгөндөрдүн саны

6 айга

6 айга

2019

2020*

2019

2020*

Кыргыз Республикасы

19 612

11 873

318

277

Баткен облусу

2 631

1 579

34

31

Жалал-Абад облусу

3 818

2 674

47

57

Ысык-Көл облусу

1 771

1 108

18

18

Нарын облусу

1 151

498

9

8

Ош облусу

3 741

2 320

79

39

Талас облусу

919

576

9

16

Чүй облусу

3 045

1 501

54

47

 Бишкек шаары

1 639

1 089

56

55

 Ош шаары

897

528

12

6

* 2020-жылга маалыматтар алдын-ала.

     

Калктын өлүмү

Кыргызстандын калкынын жалпы өлүмүнүн көрсөткүчү төмөн бойдон калууда, 2019 – жылы калктын 1000ине алганда 5,2 каза болгон адам (2017-жылы - 5,4 каза болгон адам) катталган.

Мурдагыдай эле калктын өлүмүнүн себептеринин структурасында өлүмдүн негизги беш себептеринин арасына дем алуу органдарынын оорусу (калктын 100 миңине алганда 28,9 каза болгон адам же 5,6 пайызы) кирет.

2019-жылы дем алуу органдарынын ооруларынын арасында каза болгондордун үчтөн бир бөлүгүнөн көбүн пневмониядан каза болгондор түздү (2019-ж. 33,6 пайыз болсо, 2017-ж. 31,4 пайыз).

Акыркы үч жылдын ичинде пневмониядан каза болгондорго өзгөрүүлөр болгон жок, калктын 100 миңине 9,7 каза болгондор, ал эми 2017-ж. 9,6 каза болгон адамдар түздү. Ошону менен бирге, 2018-ж. салыштырмалуу (калктын 100 миңине 8,6 каза болгон адамдар) ушул себеп боюнча өлүмдүн деңгээлинин көрсөткүчү 12,3 пайызга көбөйдү (3-таблица).

3-таблица: Кыргыз Республикасында өлгөн адамдардын санынын өлүмдүн
                         себептери боюнча бөлүнүшү1

 

Адам

Калктын 100 миңине

2017

2018

2019

2017

2018

2019

2019-жыл   2017-жылга карата пайыз менен

Өлгөн адамдардын бардыгы

33 166

32 989

33 295

535,1

521,7

515,7

96,4

  анын ичинен төмөнкүлөрдүн:

 

 

 

 

 

 

 

   дем алуу органдарынын
   оорулары

1 905

1 764

1 863

30,7

27,9

28,9

94,1

     анын ичинен:

 

 

 

 

 

 

 

       пневмония

598

546

626

9,6

8,6

9,7

100,5

1 Кыргыз Республикасынын МККнын ЖААК органдарында катталгандар.

2020-ж. январь-майында[1] өлгөндөрдүн жалпы санынын ичинен жарымынан көбү (54 пайызы) кан айлануу системасынын ооруларына, 13 пайызы шишик ооруларына жана өлүмдүн тышкы себептерине жана дем алуу органдарынын ооруларына - 6 пайыздан туура келди.

2020-ж. январь-майында өлүмдүн себептер боюнча пневмониядан ооруп 230 адам каза болду, же жалпы дем алуу органдарынын ооруларынын ичинен 31 пайыз (2019-ж. 278 адам же 34 пайыз).

2020-жылдын январь-майында пневмониядан каза болгондордун деңгээли калктын 100 миңине 8,5 адамды түздү, ал эми 2019-жылдын тиешелүү мезгилинде 10,5 адам (4-таблица).

 

4-таблица: 2020-ж. январь-майдагы өлгөн адамдардын санынын өлүмдүн себептери боюнча бөлүнүшү

 

Адам

Калктын 100 миңине

2019

2020

өсүү (+), төмөндөө (-)

2019

2020

2020-жыл   2019-жылга карата пайыз менен

Өлгөн адамдардын бардыгы

13 910

12 554

-1 356

524,0

462,0

88,5

анын ичинен төмөнкүлөрдөн:

 

 

 

 

 

 

кан айлануу системасынын оорулары

7 249

6 824

-425

273,1

251,1

92,0

дем алуу органдарынын оорулары

825

740

-85

31,1

27,2

87,5

      анын ичинен  пневмония

278

230

-48

10,5

8,5

81,0

шишик оорулары

1 729

1 594

-135

65,1

58,7

90,2

өлүмдүн тышкы себептери

1 012

737

-275

38,1

27,1

71,1

анын ичинен төмөнкүлөрдөн:

 

 

 

 

 

 

транспорттук жаракат алуулар
(бардык түрү)

308

211

-97

11,6

7,8

67,2

кокустан алкоголдон уулануу

108

67

-41

4,1

2,5

61,0

өзүн-өзү өлтүрүү

167

97

-70

6,3

3,6

57,1

өлтүрүү

58

44

-14

2,2

1,6

72,7

тамак сиңирүү органдарынын
оорулары

812

683

-129

30,6

25,1

82,0

айрым жугуштуу жана мите оорулары

262

216

-46

9,9

7,9

79,8

кош бойлуу кезде, төрөт учурунда
жана төрөгөндөн кийинки мезгилде татаалдануулар

21

10

-11

30,0

18,41

61,3

1 ЖААК органдарында катталган тирүү төрөлгөн балдардын 100 миңине эсептегендеги өлгөн аялдардын саны.

2020-жылдын I жарым жылдыгынын жана июнь жана июль айларындагы өлүмдүн себептеринин статистикасын  (Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында катталгандар) Улутстатком тарабынан ушул жылдын биринчи декадасында, август жана сентябрь айларында даярдалат. 

 

[1] COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылуу коркунучу жана Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал жарыялангандыгына байланыштуу, 2020-жылдын 31-мартынан 21-майына чейин МККнын калкты тейлөө борборлорунун ишмердиги токтотулган. Натыйжада жарандык абалдын актыларын каттоо (төрөлүү, өлүм, нике, ажырашуу) жүргүзүлгөн эмес, бул калктын табигый кыймылынын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө алып келген.

*******

КР Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн бирден бир маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары рынок доорунун заманнбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республикадагы социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абал боюнча зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында таратууда, кагаз, магниттик алып жүрүүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүү жабдыктарында колдонуучулар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. («Мамлекеттик статистика жөнүндөгү» мыйзамдын 17-беренеси).Толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу боюнча КР Улуттук статкомунун басма сөз кызматына  кайрылыңыздар: тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Тоголок Молдо көчөсү менен кесилишет).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Last updating: 17.07.2020, 10:26