2019-жылдын I кварталындагы калкка микрокредиттерди берүү рыногундагы тенденциялардын талдоосу

Publications: 17.05.2019


Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 6215,5 млн. сом суммасында кредит берилип, алуучулардын саны 133,8 миң адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 36,4 пайызга (35,7 миң адамга), ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 1506,8 млн. сомго көбөйдү.

 

1-график: I кварталда калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 1261,4 млн. сому же 20,3 пайызы), Бишкек ш. (1179,7 млн. сом же 19,0 пайыз), Жалал-Абад (907,1 млн. сом же 14,6 пайыз) жана Чүй облустарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 849,5 млн. сому же 13,7 пайызы) алуучуларына берилген.

1-таблица: I кварталдагы аймактар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши

 

Берилген микрокредиттердин көлөмү,

миллион сом

Алуучулардын саны,

миң адам

2018

2019

2019-ж. 2018-ж. карата пайыз менен

2018

2019

2019-ж. 2018-ж. карата пайыз менен

 

Баткен облусу

287,5

392,9

136,7

8,3

11,7

140,2

Жалал-Абад облусу

661,8

907,1

137,1

16,3

24,4

150,2

Ысык-Көл облусу

501,1

719,0

143,5

9,8

15,1

153,1

Нарын облусу

371,8

466,0

125,3

8,4

10,7

128,5

Ош облусу

992,4

1261,4

127,1

23,4

31,1

133,0

Талас облусу

126,7

193,4

152,6

2,9

4,9

171,0

Чүй облусу

710,8

849,5

119,5

13,5

15,7

116,6

Бишкек ш.

882,4

1179,7

133,7

11,7

15,3

130,4

Ош ш.

174,3

246,6

141,5

3,8

4,7

125,5

 

Микрокредиттердин жалпы көлөмүндө 47,6 пайыз же 2956,1 млн. сом суммасында 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө берилген кредиттер басымдуулук кылды, ал эми мындай кредиттерди алуучулардын саны 82,4 миң адамды же алардын жалпы санынын 61,6 пайызын түздү.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 36,9 пайызы - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 22,3 пайызы - керектөөчүлүк муктаждыктарына, 13,3 пайызы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталды.

 

2-график: I кварталдагы максаттар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши  

  (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

2019-жылдын 1-апрелине карата берилген микрокредиттер боюнча карыз 16852,4 млн. сомду түздү. Микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли өткөн жылдын I кварталына салыштырганда 4,5 пайыздык пунктка өсүп, үстүбүздөгү жылдын I кварталында 90,9 пайызды түздү.

 

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 20.05.2019, 14:19