Бишкекшаарстат Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын жана Мамлекеттик тил күнүн белгиледи

Publications: 24.09.2018


2018-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганынын 29 жылдыгына карата, мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара белгиленди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимнин аткаруу менен башталды.

Иш-чараны Башкармалыктын жетекчисинин м.а. Мамбеталиева Эльмира Аскаровна куттуктоо сөзүн сүйлөп ачып берди.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан монолог аткаруу, прозалык жана поэзиялык чыгармалардан көркөм окуу, улуттук каада-салттарды (кыз узатуу, куда түшүү, өрлүктөө ж.б.) чакан сахналаштыруу, макал-лакап, накыл жана учкул сөздөрдү жатка айтуу, обондуу ыр жана улуттук бий аткаруу, улуттук тамактарды даярдоо боюнча конкурстар уюштурулду.

Тил майрамы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили-кыргыз тилинин Гимнин аткаруу менен жыйынтыкталды.

Иш-чара эмгек жамааттын арасында улут аралык ынтымактын чыңдалуусуна жана бөтөн тилдүү кызматкерлер кыргыздын улуттук салт-санаасы, тамак-ашы, ошондой эле үрп-адаттары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.


Last updating: 24.09.2018, 15:54