Үстүбүздөгү жылдын 6 айынын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалар 8,3 пайызга өстү

Publications: 13.07.2018


Үстүбүздөгү жылдын алты айынын ичинде (ү.ж. июнунда мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалар жалпы республика боюнча 8,3 пайызга өстү, муну менен бирге, бензинге болгон баанын өсүү темпи - 4,8 пайыздык пунктка ашып, дизель майынын баасынын өсүшү 12,5 пайызды түзгөн.   

1-график: 2018-жылдын январь-июнундагы күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баанын аймактар боюнча өзгөрүшү

 (мурунку жылдын декабрына карата пайыз менен; өсүшү+ )

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда дизель майына болгон баанын эң көп өсүшү Нарын (15,0 пайыз), Ысык-Көл (14,6 пайыз) облустарында жана Бишкек ш. (14,5 пайыз), эң аз – Ош.ш. (7,0 пайыз) катталды. Ушундай эле жагдай бензин боюнча да байкалат, ушул сыяктуу эле ага болгон баанын эң жогорку өсүшү  Бишкек ш. (9,9 пайызга), ал эми эң аз - Ош облусунда (2,4 пайызга) белгиленген.

 

1-таблица: 2018-жылдын январь-июнундагы түрдүү маркадагы бензинге болгон баанын аймактар боюнча өзгөрүшү

(мурунку жылдын декабрына карата пайыз менен; өсүшү + )

 

 

А-95 маркасыдагы автоунаа бензини

А-92 маркасыдагы автоунаа бензини

А-80 маркасыдагы автоунаа бензини

Баткен облусу

0,8

3,5

2,8

Жалал-Абад облусу

4,4

6,7

5,8

Ысык-Көл облусу

9,7

6,9

11,3

Нарын облусу

5,1

8,3

8,9

Ош облусу

0,7

3,3

2,6

Талас облусу

2,8

2,6

5,8

Чүй облусу

5,8

6,9

11,9

Бишкек ш.

7,8

8,0

14,7

Ош ш.

2,0

3,2

2,0

 

Үстүбүздөгү жылдын июнунда мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу А-80 маркасындагы бензинге болгон баалары Бишкек ш. (14,7 пайызга же 1 литр үчүн 5,30 сомго) эңкөп өстү. Муну менен бирге, ү.ж. июнунда А-80 маркасындагы бензиндин максималдуу орточо баасы Баткен облусунда - 1 литр үчүн 41,94 сом болуп катталды. Ошол эле убакта, А-92 маркасындагы бензинге болгон баалар максималдуу Бишкек ш. (8,0 пайызга же 1 литр үчүн 3,26 сомго), ал эми минималдуу - Талас облусунда (2,6 пайызга) өстү. 

Белгилей кетсек, ү.ж. июнунда бардык маркадагы бензиндердин жана дизель майынын орточо керектөө бааларынын эңжогорку деңгээли, башка аймактарга салыштыруу, Баткен облусунда сакталды.

2-таблица: Түрдүү маркадагы бензиндин аймактар арасындагы орточо керектөө баалары  

(1 литр үчүн сом менен)

 

Бензин А-95

Бензин А-92

Бензин А-80

Дизель июну

декабрь 2017-ж.

июнь
2018-ж.

декабрь 2017-ж.

июнь
2018-ж.

декабрь 2017-ж.

июнь
2018-ж.

декабрь 2017-ж.

июнь
2018-ж.

Кыргыз Республикасы

43,14

45,86

40,96

43,71

36,67

40,59

39,25

44,18

Баткен облусу

46,85

47,70

44,06

45,63

45,63

41,94

42,44

46,04

Жалал-Абад облусу

43,86

44,12

41,42

44,21

37,16

39,34

39,49

43,25

Ысык-Көл облусу

41,72

45,91

39,52

42,27

35,45

39,47

37,77

43,32

Нарын облусу

41,95

44,12

38,94

42,17

35,8

38,98

37,26

42,85

Ош облусу

42,72

43,44

42,86

44,22

39,03

40,02

41,02

43,96

Талас облусу

43,85

45,08

40,87

41,92

37,36

39,53

38,60

42,72

Чүй облусу

42,49

44,98

39,62

42,38

35,63

39,92

38,20

43,13

Бишкек ш.

42,83

46,18

40,36

43,62

35,74

41,04

38,69

44,39

Ош ш.

45,14

46,08

43,77

45,21

39,83

40,65

42,00

44,99

 

Жалпысынан өткөн жылы күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалардын курч көтөрүлүшү январда (3,8 пайызга мурунку айга салыштырмалуу), ноябрда (2,8 пайызга) жана 2017-ж. декабрында (тийиштүүлүгүнө жараша, 2,3 пайызга) байкалган. Үстүбүздөгү жылы күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалар туруктуу түрдө жогорулаган, муну менен бирге аларга карата баалардын максималдуу өсүшү ү.ж. июнунда мурунку айга салыштырмалуу - 3,6 пайызга катталды.   

2-график: 2017-2018-жж. күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баанын өзгөрүшү

 (мурунку айга карата пайыз менен; өсүшү +, төмөндөшү -)

 

_______________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү           |e-mail: ceny@stat.kg;               |тел. + 996 (312) 625825, 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөн³ндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 13.07.2018, 14:54