Цифра жана фактылар: Калкка микрокредиттерди берүү

Publications: 29.03.2019


2018-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 23,1 млрд. сом суммасында кредит берилип, алуучулардын саны 481,9 миң адамды түздү.

Микрокредит алуучулардын арасында аялдар басымдуулук кылды. Бирок акыркы беш жылдын аралыгында аялдардын үлүшү 2014-жылдагы 64 пайыздан 2018-жылдагы 55 пайызга чейин кыскарды.

2018-жылы калкка микрокредиттерди берүүнүн камтуу деңгээли калктын 1000ине 76 адамды түздү. Калктын 1000ине алгандагы микрокредит алуучулардын эң көп саны Нарын (144 адам), Ысык-Көл (109 адам) жана Ош облустарына (83 адам) туура келди.

 

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).

 


Last updating: 03.04.2019, 10:25