Цифралар жана фактылар: Байланыш кызматкерлеринин күнү

Publications: 07.05.2019


Байланыш статистикасы тууралуу алгачкы маалымат 1937 жылы басылып чыккан Улуу Октябрь Революциясынын 20-жылдыгына арналган кыска статистикалык маалымдамада жарыяланган. Андагы берилген статистикалык маалыматтарга караганда, 1935 жылдын 1-январына карата республикада 31 почтампт жана байланыш бөлүмү, 197 почта агенттиктери жана 632 каттар үчүн ящиктери болгон. Ал учурда айыл жергесинде почта буюмдарын таркатууну атчан адамдар (177) жана (342) жөө кат ташуучулар аткарышкан. 

Бүгүнкү күндө адамды байланыштын түрлөрү болгон: телефон, интернет, телевизорсуз бир да күнү элестетүү кыйын.
Кыргыз Республикасында тез өнүгүп жаткан тармактардын бири болуп байланыш тармагы, өзгөчө, уюлдук байланыш түйүнү болуп эсептелет. 

Жыл сайын мобилдик байланыш тармагына кошулган абоненттердин саны көбөйүү менен стационардык байланыш абоненттери азайууда.

Алсак, 2008-жылы калктын 1000 адамына 95 стационардык аппарат жана 642 уюлдук байланыш номерлери туура келген болсо, 2018-жылы тиешелүүлүгүнө жараша, 52 стационардык жана 1209 мобилдик номерлери туура келип, 2 эсеге көбөйгөн.

Стационардык жана мобилдик телефон түзүмдөрүнүн абоненттеринин саны

1 Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик байланыш агенттигинин маалыматтары


2018-жылы өлкөдө 807 телефон станциялары анын ичинен: 566 - шаар аймактарында жана 241 - айыл жергесинде иш жүргүзүшкөн. 

2018-жылы байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 22 млрд.сомду түздү, кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 76 пайызын кыймылдуу уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, 16 пайызга жакынын - интернет каналдары, 1,7 пайызын эл аралык жана шаар аралык байланыш жана 1,6 пайызын - шаардык жана айылдык (жергиликтүү) телефон станцияларынын кызмат көрсөтүүлөрү ээлейт. Уюлдук байланыш рыногунда маалыматтарды үндүү берүүнүн салттуу ыкмасы аларды Маалыматты үн коштоо менен берүү ыкмасынын аларды Интернет тиркемелеринин жардамы аркылуу берүү ыкмасына алмашуу тенденциясы сакталууда. 

Жалпысынан 2018-жылы ИЧП түзүмүндө байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүнө 3 пайызы туура келди.

_____________________________________________________________

Керектөө рыногу, МКТ жана туризм статистикасы бөлүмү |e-mail: ltekeeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 324650, 664166,324918

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 07.05.2019, 14:59