Цифралар жана фактылар: Автоунаа транспорту жана жол чарба кызматчыларынын күнү

Publications: 26.10.2019


Республикада октябрь айынын акыркы жекшемби күнү автоунаа транспорту жана жол чарба кызматчыларынын күнү белгиленет.

Автоунаа транспорту өткөн кылымдын 30-жылдарынан тартып өнүгүп баштаган, ал эми ташуу үчүн негизги жүктөр болуп таш көмүр, жыгач жана курулуш материалдары, кант, пахта жана нан ташуулар саналган.   

Республиканын бийик тоолуу жана көптөгөн региондоруна жетүүнүн кыйын шарттары башынан эле транспорттун башка түрлөрүнүн арасынан автоунаа транспортун биринчи орунда катары аныктаган.   

2018-жылы автоунаа транспорту менен жүктөр 30,5 млн. тонна же алардын көлөмүнүн 92 пайыздан ашыгы ташылган.

Автоунаа транспорту менен жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (98 пайыздан ашык)  жеке ишкерлер (жеке жактар) тарабынан жүргүзүлөт.

2018-жылы жүктөрдү ташуунун эң чоң көлөмү Чүй жана Ысык-Көл облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын чарбалык субъекттеринин транспортуна туура келди. 

2018-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүк ташуулар

 

Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча айтсак, алардын негизги көлөмү да (90 пайыздан ашык) автоунаа транспортуна (автобустар жана таксилерге) туура келет. Ушундай ташуулардын 90 пайыздан ашыгы жеке ишкерлер (жеке жактар) тарабынан жүргүзүлөт.    

2018-жылы жеке жактарга таандык автобустар жана таксилер менен 697 млн. жүргүнчүлөр ташылган, ал эми атайын автоунаа транспорт ишканалары тарабынан -  43 млн. жүргүнчүлөр ташылган.    

Жүргүнчүлөрдүн эң көп саны Бишкек шаарынын, ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарынын чарбалык субъекттери тарабынан ташылган.

2018-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу

 

2018-жылы узундугу 266,5 километр болгон жалпы мамлекеттик жана республикалык маанидеги, облустук жана жергиликтүү маанидеги - 24,5 километр, айыл чарбасындагы чарба ичиндеги жолдор - 76,0 километр узундукта катуу жабуусу менен  автоунаа жолдору ишке киргизилген. «Түштүк транспорт жолу», «Ош-Баткен-Исфана», «Бишкек-Ош», «Талас-Тараз-Суусамыр», «Бишкек-Нарын-Торугарт» авто жолдорун оңдоо жана реконструкция, «Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу, ошондой эле «Борбор Азиядагы жол байланыштарын жакшыртуу» долбоору боюнча иштер жана башкалар жүргүзүлгөн. Муну менен бирге, транспортко карата инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 76 пайыздан ашыгы тышкы булактардын эсебинен каржыланган.

 

 

          

Керектөө рыногу, туризм жана МКТ статистикасы бөлүмү   |e-mail:  ltekeeva @stat.kg;       |тел. + |тел. + 996 (312)  324650, 664166

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 26.10.2019, 11:16