Цифралар жана фактылар: Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү

Publications: 18.10.2019


Жыл сайын Кыргызстанда 19-октябрда социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленет, бул күнгө карата Улуттук статком көрсөткүчтөрдүн кыскача баяндамасын даярдады.

Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү иштеген кызматкерлердин саны 2019-жылдын августунда 4,1 миң адамды түзгөн.

Республикада социалдык жактан коргоону каржылоо мамлекеттик бюджеттин каражатынан, ошондой эле Социалдык фонддун каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2018-жылы Социалдык фонддун чыгымдары (республикалык бюджеттен түшүүлөрдү кошуп алганда) 2014-жылга салыштырганда 1,3 эсеге көбөйгөн. Алардын негизги көлөмү пенсияларды төлөөгө багытталган, ал эми алардын үлүшү 2018-жылы Социалдык фонддун жалпы чыгымдарынын 85 пайызга жакынын түзгөн.

Социалдык фонддун каражатынан социалдык коргоого болгон чыгымдар
 (млн. сом)

 

2014

2015

2016

2017

2018

Чыгымдар - бардыгы

37 607,2

39 749,8

42 312,3

46 462,6

50 309,7

анын ичинен пенсияга

31 368,4

33 345,6

35 613,7

39 125,4

42 689,6

Акыркы беш жылда мамлекеттик бюджеттен социалдык жактан коргоого жумшалуучу чыгымдардын үлүшүнө орточо эсеп менен алганда 16дан 19 пайызга чейин туура келген, ошол эле учурда бул беренеге жөнөтүлүүчү каражаттардын көлөмү жыл сайын көбөйгөн. 2018-жылы социалдык коргоого жумшалуучу каражаттардын көлөмү 2014-жылга салыштырганда 1,3 эсеге көбөйгөн жана 30 млрд.сомдун ашыгын түзгөн.

Мамлекеттик бюджеттен социалдык коргоого болгон чыгымдар

 

2014

2015

2016

2017

2018

Чыгымдар1 - бардыгы

 

 

 

 

 

     млн. сом

23 333,6

24 841,7

25 009,6

26 922,4

30 374,4

     ИДПга карата пайыз менен

5,8

5,8

5,3

5,1

5,5

     жалпы чыгымдарга карата пайыз менен

19,2

18,5

16,5

16,2

19,2

1 2001-жылдын мамлекеттик каржы статистикасы боюнча ЭВФнын жетекчилигине ылайык, финансылык эмес активдерди сатып алуу чыгымдарын кошкондо.

2018-жылдын аягына карата мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулардын саны 365,2 миң адамды түзгөн. Мында балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү айлык жөлөкпулдарды алуучулардын саны - 89,3 миң үй-бүлөнү түзгөн, же 276,4 миң адамды, ошону менен бирге социалдык жөлөкпул алуучулар саны – 88,8 миң адамды түзгөн.

Беш жылдык мезгилдин ичинде (2014 - жылдан 2018-жылга караганда) социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 1,3 эсеге көбөйгөн, ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү айлык жөлөкпулдун өлчөмү 2018-жылдын аягына карата бир алуучуга 875,7 сомду түзгөн, же 1,6 эсеге өскөн.

2018-жылдын аягына карата пенсия алуучулардын саны, Социалдык фонддун, башка министерликтердин жана ведомстволордун пенсиялык органдарында эсепке тургандар, 695 миң адамды түзгөн. Беш жылдын ичинде дайындалган айлык пенсиялардын орточо өлчөмү 2014-жылы 4710 сомдон, ал эми 2018-жылы 5761 сомго чейин өстү.

Пенсия алуучулардын саны                                                         Бир айлык пенсиянын орточо өлчөмү
(миң адам)                                                                                         (сом)

Графикте көрсөткөндөй КМШ өлкөлөрүнүн арасында эмгек пенсиясынын эң көп өлчөмү Россияда (246 доллары) жана Казакстанда (189 доллары), ал эми эң аз – Тажикстанда (32 доллары) жана Кыргызстанда (84 доллары) белгиленген.

2017-жылдагы КМШ өлкөлөрүндөгү жаш курагы боюнча эмгек пенсиясынын өлчөмү
(АКШ доллары менен)

1Улуттук статистика кызматтарынын маалыматы боюнча, www.cisstat.org.

Профсоюздар

2018-жылы Кыргыз Республикасында 416 профсоюздук уюмдар иштеп келген, алар катталгандардын жалпы санынын 55 пайызын түздү. Аларда иштеген кызматкерлердин орточо жылдык саны 1,3 миң адамды түзгөн, ал эми союздардын мүчөлөрүнүн саны 885 миң адамга жеткен.

2018-жылы профсоюздарда 552 млн.сом көлөмүндө финансылык ресурстары бар болчу, алардын негизги көлөмү (89 пайыз) мүчөлүк акы түрүндө түшкөн.

_____________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: j.rahmanova@stat.kg e-mail: social-nsc@mail.ru,
 тел.+996(312) 664042

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалымат тармактарында, кагаз, электрондук жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучулар маалыматтардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КР “Мамлекеттик статистика жөнүндө” мыйзамынын 17-беренеси).

 


Last updating: 21.10.2019, 10:38