Цифралар жана фактылар: 2019 жылдын Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан камсыздоо жөнүндө негизги көрсөткүчтөрү

Publications: 24.06.2020


Республикада социалдык жактан коргоону каржылоо мамлекеттик бюджеттин каражатынан, ошондой эле Социалдык фонддун каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат. 2019-жылы Социалдык фонддун чыгымдары (республикалык бюджеттен түшүүлөрдүн эсептик төлөмдөрдү кошкондо) 2015-жылга салыштырганда 1,3 эсеге көбөйгөн. Алардын негизги көлөмү пенсияларды төлөөгө багытталган, ал эми алардын үлүшү 2019-жылы Социалдык фонддун жалпы чыгымдарынын көлөмүнүн 85 пайызын түзөт.

Социалдык фонддун чыгымдары

 (млн. сом)

 

2015

2016

2017

2018

2019

Чыгымдар - бардыгы

39 749,8

42 312,3

46 462,6

50 309,7

53 506,3

анын ичинен пенсияга

33 345,6

35 613,7

39 125,4

42 689,6

45 625,8

Акыркы беш жылда мамлекеттик бюджеттен социалдык жактан коргоого жумшалуучу чыгымдардын үлүшүнө орточо эсеп менен алганда анын бардык чыгымдарынын 16дан 19 пайызга чейин туура келген, ошол эле учурда бул беренеге жөнөтүлүүчү каражаттардын көлөмү жыл сайын көбөйгөн. 2019-жылы социалдык коргоого жумшалуучу каражаттардын көлөмү 2015-жылга салыштырганда 1,3 эсеге көбөйгөн жана 32 млрд. ашык сомду түзгөн.

Мамлекеттик бюджеттен социалдык коргоого болгон чыгымдар

 

2015

2016

2017

2018

2019

Чыгымдар1 - бардыгы

 

 

 

 

 

       млн. сом

24 841,7

25 009,6

26 922,4

30 374,4

32 763,9

     ИДПга карата пайыз менен

5,8

5,3

5,1

5,3

5,6

     жалпы чыгымдарга карата пайыз менен

18,5

16,5

16,2

19,2

19,5

1 2001-жылдын мамлекеттик каржы статистикасы боюнча ЭВФнын жетекчилигине ылайык, финансылык эмес активдерди сатып алуу чыгымдарын кошкондо.

2019-жылдын аягына карата мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулардын саны 401,9 миң адамды түзгөн. Мында 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" берилүүчү айлык жөлөкпулдарды алуучулардын саны – 96 миң үй-бүлөнү, же 309 миңге жакын адамды түзгөн, ошону менен бирге социалдык жөлөкпул алуучулар саны – 93 миң адамды түзгөн.Беш жылдык мезгилдин ичинде (2015 - жылдан 2019-жылга чейин) социалдык жана балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулдардын өлчөмү 1,3 эсеге көбөйгөн, 2019-жылдын аягына карата бир алуучуга 861,1 сомду түзгөн.

Түрлөрү боюнча дайындалган бир айлык мамлекеттик жөлөкпулдардын орточо өлчөмү

(жылдын аягына карата, сом)

 

2015

2016

2017

2018

2019

Эсептелген бир айлык жөлөк пулдун орточо өлчөмү:

 

 

 

 

 

ай сайын бир жолу берилүүчү жөлөкпул1

653,1

873,4

877,2

875,7

861,1

социалдык жөлөкпул

2 408,4

 2 405,3

2 389,8

3 008,8

3 029,9

  анын ичинен:

 

 

 

 

 

бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга

2 455,3

2 451,4

2 450,0

3 251,7

3 247,5

жалпы оорудан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн

1 426,4

1 434,8

1 435,0

 1 433,7

1 435,7

багуучусунан айрыл-
гандыгы боюнча (ар бир эмгекке жарамсыз үй бүлө мүчөсүнө)

1 500,0

1 500,0

1 500,0

1 500,0

1 500,0

1  2019 – жылдан баштап -16 жашка чейинки "УБК" балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды кошо алганда.

2019-жылдын аягына карата пенсия алуучулардын саны, Социалдык фонддун, башка министерликтердин жана ведомстволордун пенсиялык органдарында эсепке тургандар, 715 миң адамды түзгөн. Беш жылдын ичинде дайындалган айлык пенсиялардын орточо өлчөмү 2015-жылы 4 895 сомдон, ал эми 2019-жылы 5 960 сомго чейин өстү.

Графикте көрсөткөндөй КМШ өлкөлөрүнүн арасында эмгек пенсиясынын эң көп өлчөмү Россияда (216 доллары) жана Казакстанда (201 доллары), ал эми эң аз – Тажикстанда (35 доллары) жана Узбекистанда (80 доллары) белгиленген.

1Улуттук статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча, www.cisstat.org.

 

_____________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: j.rahmanova@stat.kg, rakhmanovazz@mail.rusocial-nsc@mail.ru, тел.+996(312) 664042

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалымат тармактарында, кагаз, электрондук жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучулар маалыматтардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КР “Мамлекеттик статистика жөнүндө” мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 25.06.2020, 12:05