Цифралар жана фактылар: Кыргызстандын жарандык авиация күнү

Publications: 07.10.2019


Жарандык авиацияга өзгөчө маани берүү, республиканын экономикасынын өнүгүшүнө анын баа жеткис салымын эске алуу менен жыл сайын 7-октябрда Кыргызстандын жарандык авиация күнү белгиленет.  

Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясы өндүрүштүк жана социалдык   инфратүзүмүнүн маанилүү курамдык бөлүгү, анын натыйжалуу жана туруктуу өнүгүшү жана иштеши улуттук коопсуздукту, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуунун зарыл шарты болуп саналат.

««Манас» Эл аралык аэропорт» Ачык акционердик коому - Кыргызстандын транспорт ишканаларынын эң олуттууларынын бири. «МЭА» түзүмүнө 5 эл аралык жана 6 региондук аэропорттор кирет. «Манас», «Ош», «Ысык-Көл», «Каракол» жана «Баткен» Эл аралык аэропорттордун статусуна ээ. Калган аэропорттор – «Жалал-Абад», «Исфана», «Караван», «Казарман», «Нарын», «Талас» аэропорттору ички аба жолдору боюнча регионалдык каттамдар  аэропорттору  болуп саналат.

2018-жылы жүргүнчүлөрдү улуттук авиа аркылуу ташуулардын көлөмү 1,4 млн. адамды түздү, алардын ичинен 57,1 пайызын – эл аралык жана 42,9 пайызын – ички ташуулар түздү. Аба транспортунун жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жүгүртүүсү 2 млрд. ашык жүргүнчү-километрди түзөт.  

Авиа жолдору аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуудан түшкөн кирешелер 10,1 млрд. сомду, анын ичинде эл аралык ташуулардан - 8,5 млрд. сомду жана ички ташуулардан - 1,6 млрд. сомду түздү.

Туристтик тармактын өнүгүшү менен эл аралык авиа жолдорунда жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйдү. 2014-жылы 3 млн. жакын адам тейленген болсо, 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча жүргүнчүлөрдүн агымы 3,5 млн. адам көрсөткүчүнө жетти, бул 16,7 пайызга көп. 

Азыркы учурда жүргүнчүлөрдү ички жана эл аралык авиа жолдору аркылуу ташууну мекенибиздин «Эйр Манас» ЖЧК, «Avia Traffic Company» ЖЧК жана «TEZ JET» ЖЧК авиакомпаниялары камсыздап келүүдө.  

2018–жылдын аягында аба паркы 13 аба судаларынан турду.

2018–жылы аба транспорт ишмердик чөйрөсүндө кызматчылардын орточо жылдык саны 1,3 миң адамды түздү, ал эми ушул чөйрөдөгү бир кызматчынын орточо айлык эмгек акысы 59 миңден ашык сомду түздү.   

 

СМКТ жана туризм башкармалыгы, керектөө рыногу статистикасы бөлүмү

|e-mail:vmambetalieva@stat.kg |тел. + 996 (312) 324725

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика ж¼н³нд¼” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 07.10.2019, 10:05