Мугалимдер күнү: сандар жана фактылар

Publications: 05.10.2017


     Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө мугалим күнүн белгилешет, бул Дүйнөлүк мугалимдер күнү деп 1994-жылдан баштап бекитилген. Бул күндү дүйнөдөгү мугалимдерге өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялап жана билим берүү салымы үчүн урматтоо жана ыраазычык билдирүү символу болуп калды.
    2016-ж. республикадагы билим берүү чөйрөсүндө өлкөдөгү калктын 9 пайызга жакын адам эмгектенет.
   Азыркы учурда Кыргызстанда 4 миңге жакын мектепке чейинки, жалпы билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары иштейт аларда болжол менен 108 миң педагогдор тарбиялоо жана окутуу менен 1,6 млн. тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди камсыз кылат
    Бирден-бир эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптерден болуп педагогдун кесиби, алардын арасында олуттуу бөлүгү мектеп мугалимдери түзөт.

Алкыш сөздөрүн өзүнүн кесиптик майрамында 80 миңге жакын жалпы билим берүүчү мектептериндеги мугалимдер угушат, анын ичинен шаар жерлеринде- 22 миңге жакын мугалимдер, айыл жергесинде - 58 минге жакын мугалимдер.

     Мугалим кесиби салттуу түрдө аялдарга ылайык. Аял - мугалимдердин пайызы мектептерде бир кыйла жогору, эркек – мугалимдерге караганда. Окутуучулардын жалпы санынын ичинен жалпы билим берүүчү мектептерде 84 пайызын аялдар түзөт, 28 пайыздан көбү директор жана директордун орун басары кызматын ээлегендер.

     Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли, бир топ эле жогору. 2016/2017-окуу жылынын башында жалпы мугалимдердин санынан 87 пайызга жакыны жогорку билими барлар.

    Мугалимдердин жүгүнүн деңгээли мектептерде жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында ар-бир мугалимге орточо эсеп менен 15 окуучу туура келет. Мында, шаардын жана айылдын мектептеринде мугалимдердин жүгү олуттуу айырмаланган. Эгерде шаардык мектептерде бир мугалимге орточо эсеп менен 19 бала туура келсе, айылдык мектептерде – орточо эсеп менен 13 окуучу.

    Ар бир алтынчы студент республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында педагог кесибин тандаган.

    2016/2017 окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү уюмдарда 10 миңден ашуун келечектеги педагогикалык кызматкерлери бүтүп чыкты.


Last updating: 06.10.2017, 10:41