Билим күнү: сандар жана фактылар

Publications: 30.08.2019


1-сентябрдын алдында — окуучулар, студенттер жана алардын ата-энелери, деги эле, бүтүндөй өлкө үчүн майрам күн, ага карата Улутстатком 2018/2019-окуу жылынын башталышына карата билим берүү чөйрөсүнүн абалы тууралуу кыскача талдоо даярдады.

            Билим берүүгө багытталган чыгашалардын республикалык мамлекеттик бюджетинин көлөмүндөгү үлүшү бир топ жана өткөн беш жылда орточо эсеп  менен 21 ден 24 пайызга чейин түзүлгөн.

            Балдарды мекетпке даярдоонун маанилүү фактору болуп балдарды мектепке чейинки окутуу саналат. Акыркы жылдары мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфратүзүмүн жана мектепке чейинки программаларды өнүктүрүү иновацияларын ишке киргизүү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында, алардын саны туруктуу түрдө көбөйдү. Республикадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын саны 2014-ж. менен салыштырганда 1,3 эсеге көбөйдү жана 2018-ж. 197 миңден ашык адамды түздү.

            Ошону менен бирге, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарына барган 7 жашка чейинки курактагы балдардын санынын туруктуу көбөйүшүнө карабастан, алардын үлүшү мурдагыдай эле төмөн бойдон калууда жана азыркы учурда республика боюнча орточо 24,6 пайызды түзөт.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды тартуу

(1-6 жаш тийиштүү курактык тобуна, пайыз менен)

Республикадагы билим берүү системасынын негизги звеносу болуп мектептик билим берүү саналат, ал өзүнө үч баскычты камтыйт: башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто (толук) жалпы билим берүү.

Республикада 2018/2019-окуу жылынын башталышында 2265 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдары иштеди. Акыркы беш жыл ичинде алардагы окуучулардын саны 21 пайызга көбөйгөн жана 1 млн. 268 миң адамды түздү, алардын арасында 623 миңи кыздар жана 645 миңге жакыны балдар.

2018/2019-окуу жылында 143 миң окуучу биринчи класска кабыл алынган, бул 2014/2015 окуу жылына салыштырганда 19 пайыздан ашык көп.

Күндүзгү жалпы билим берүү уюмдарынын саны жана аларда окуган окуучулардын саны

           

Бирок, жаңы мектеп имараттарынын курулушу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, окуучулук орундардын санынын көбөйүшүнө  жана көпчүлүк окучуулар  үчүн окуу шарттарын жакшыртууга олуттуу таасирин тийгизе алган жок. Сабактар мамлекеттик уюмдарда мурдагыдай эле бир нече кезмет менен жүргүзүлөт, алардын арасында сабактар эки кезметте жүргүзүлүүчү жалпы билим берүүчү уюмдары басымдуулук кылат. 2018-ж. биринчи кезметте окуган окуучулардын саны жалпы окуучулардын санынын 60 ашык пайызын, ал эми экинчи кезметте - 37 ашык пайызын түзгөн.

2018-ж. республикада 98 башталгыч кесиптик билим берүү уюму иштеген, аларда 30 миңге жакын окуучу окуйт. Жыл сайын мындай уюмдарда 9 миңден ашык окуучулар кесиптик билим алуу менен бирге толук орто билими тууралуу аттестат да алышат. Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө кесиби боюнча квалификация ыйгарылат. Негизинен бул электромонтажниктер, автомеханиктер, электр газ менен ширетүүчүлөр, кийим тигүүчүлөр, айдоочулар, слесарлар, жыгач усталар, ашпозчулар, бухгалтерлер, улуттук буюмдарды даярдоочулар ж. б., ушуларга карата суроо-талап акыркы жылдары көбөйдү. Жалпысынан 2018-ж. кесиптик лицейлерди (окуу жайларды) окуп бүтүргөн квалификациялуу жумушчулардын саны 2014-ж. салыштырмалуу 5 пайызга көбөйгөн.

2018-ж. республиканын аймагында 148 орто кесиптик билим берүүнүн жалпы билим уюмдары бар болчу, анда 92 миңге жакын студенттер окуган.

Жогорку билим берүү системасын оптималдаштыруу максатында реформалоо республикадагы жогорку кесиптик окуу жайларынын тармагын жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдардын жана алардын филиалдарынын санын кыскартууну шарттады. 2018/2019-окуу жылынын башталышына карата республикадагы жогорку кесиптик билим берүү өзүнө 51 башкы жогорку окуу жайларынын тармагын (2014/2015-окуу жылында 53 окуу жайын) камтыган. Аларда окугандардын саны, 2014/2015-окуу жылынын башталышына салыштырганда дээрлик төрттөн бир бөлүгүнө же дээрлик 50 миң адамга төмөндөө менен 164 миңден ашык студенттерди түзгөн.

______________________________________________________________________

Социалдык                                             e-mail: j.rahmanova@stat.kg

статистика бөлүмү                                 e-mail: social-nsc@mail.ru              тел.+996(312) 664042

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү («Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 30.08.2019, 14:27