Кыргыз Республикасындагы лизингдик компаниялардын ишмердиги

Publications: 29.03.2019


2018-жылы 11 компания лизинг ишмердигин жүргүздү, алар 435 лизинг келишимин түздү, алардын ичинен 433 келишим финансылык лизинг шарттарында түзүлгөн. 2017-жылга салыштырганда түзүлгөн лизинг келишимдеринин  жалпы саны 4,4 пайызга азайды.  

2018-жылы түзүлгөн лизинг келишимдеринин жалпы наркы бир млрд. сом өлчөмүндө түзүлүп, 2017-жылга караганда 15 пайызга көп болду. Муну менен бирге түзүлгөн лизинг келишимдеринин көлөмүнүн негизги суммасы финансылык лизингге туура келди.

Финансылык лизинг предметтери чөйрөсүндө түзүмдүк өзгөрүүлөр белгиленди. Келишимдердин наркынын үлүшү азайды, мында транспорт каражаттары лизингдин предмети катары чыгып, 2017-жылдагы 20,5 пайыздан 2018-жылдагы 8,4 пайызга чейин төмөндөгөн. Муну менен бирге курулуш-жол техникасы, машина жана механизмдер, ошондой эле кыймылсыз мүлк боюнча лизинг келишимдеринин наркынын үлүшү өстү.

Муну менен бирге финансылык лизинг келишимдеринин олуттуу суммасы мурдагыдай эле айыл чарба техникасын, машина жана механизмдерди сатып алуу үчүн  түзүлгөн  келишимдерге туура келди.

1-график: Кыргыз Республикасындагы финансылык лизинг шартында түзүлгөн келишимдердин лизингдин предмети боюнча наркы

(финансылык лизинг келишимдеринин жалпы наркына карата пайыз менен)

______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  664209, 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 01.04.2019, 11:11