Республиканын экономиканын каржы сектору тарабынан 2021-жылы 20 млрд. сомдон ашык пайда алынды

Publications: 20.04.2022


2021-жылы экономиканын каржы секторунда 620 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциалык банк, 580 банктык эмес каржылык-насыялык уюм, 14 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишин жүргүздү.

2021-жылы экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 20% көбөйүү менен 64 миллиардга жакын сомду түздү, бул банк секторунун, микронасыялык уюмдардын жана күрөөканалардын кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду.

Каржы секторунун уюмдарынын чыгымдары 2021-жылы 11% өстү жана 43,4 млрд. сомду түздү.

Экономиканын финансы секторунун ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү

 (млн. сом)

 

Кирешелер

Жалпы

чыгымдар

Сальдолоштурулган
финансылык жыйынтык

2020

2021

2020

2021

2020

2021

Бардыгы

53 246,3

63 957,4

39 110,5

43 450,7

14 135,8

20 503,2

Банктар

43 870,9

52 677,6

32 813,6

35 677,6

11 057,5

16 995,9

Күрөөканалар

448,2

1 311,7

312,9

1 101,3

135,2

210,4

Насыялык бирикмелер

242,7

240,4

173,9

189,7

68,8

51,5

Микронасыялык уюмдар

6 880,9

8 081,4

4 314,0

5 109,5

2 566,9

2 971,7

Камсыздандыруу уюмдар

1 739,7

1 588,5

1 464,8

1 331,9

274,8

256,6

Инвестициялык фонддор

8,6

5,9

1,7

1,8

6,9

4,1

Башка уюмдар

55,3

51,9

29,6

38,9

25,7

13,0

Жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын каржы секторунда оң сальдолоштурулган каржылык жыйынтык 20,5 млрд. сом суммасында пайда алынды, бул 2020-жылга караганда 45% көп. Пайданын өсүшү банктар менен камсыздалган, алардын үлүшүнө каржылык секторунун жалпы суммардык пайданын көлөмүнүн 83,0% туура келген, ошондой эле микронасыялык уюмдар (14,5%) менен камсыздалган.

2021-жылы каржы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынан 67%  түздү, ал эми 16% жакын уюмдар чыгаша алды.

Жалпы экономиканын каржы секторунун активдеринин кирешелүүлүгү 3% өлчөмүндө аныкталды, мында алардын эң жогорку деңгээли (10%) микронасыялык уюмдардын жана күрөөканалардын арасында байкалды.

2021-жылдын аягына карата банктардын жана банктык эмес каржылык-насыялык уюмдардын насыялык портфелинин суммардык көлөмү 211 млрд. сомду ашты. Банктык секторуна насыялардын жалпы көлөмүнүн 85,6%, банктык эмес каржылык-насыялардын уюмдарынын секторуна - 14,4% туура келди. Насыялануунун негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 26%), айыл чарба (20%), керектөө муктаждыктары (16%), ипотека (10%) жана курулуш (8% жакыны) болуп саналды.

___________________________________________________________

Каржы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

2022-жылдын 20-апрели


Last updating: 20.04.2022, 16:01