Улутстаткомдун Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институту Кыргыз Республикасында санариптик өнүгүүнүн деңгээлин баалоо тууралуу аналитикалык баяндама даярдады

Publications: 28.08.2019


Улутстаткомдун Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунун эксперттери тарабынан Улутстаткомдун борбордук аппаратынын адистери менен биргеликте Кыргыз Республикасында санариптик өнүгүүнүн деңгээлин баалоо тууралуу аналитикалык баяндама даярдалды.

Аналитикалык обзордо санариптик өнүгүүнүн дүйнөлүк тенденциялары изилденди, өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ИДПга болгон санариптик экономиканын салымы тууралуу маалыматтар берилди.

ЕАЭБнын катышуучу-өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүгүүнү мүнөздөөчү эл аралык рейтингдердеги позициясы талданды.

Санариптик мамлекеттин өнүгүүсүнүн активдүү процессине алар көмөктөшө турган маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүнүн учурдагы абалына баалоо жүргүзүлдү. «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялык концепциясын ишке ашыруунун негизги максаттары жана коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн долбоорлору белгиленди.  Улуттук статистикалык системага санарип технологияларын ишке киргизүү боюнча маалыматтын обзору берилди. Кененирээк...

 

___________________________________________________
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика ж¼н³нд¼” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 28.08.2019, 10:34