2020-жылы айыл чарба өсүмдүктөрдүн өндүрүлүшүнүн жыйынтыктары

Publications: 22.01.2021


2020-жылдын жыйынтыктары боюнча жалпы республикада айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизги түрлөрүнүн өсүшү белгиленди. 1,8 миллион тоннадан ашык дан бастырылды (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз, иштетилгенден кийинки салмакта), бул мурунку жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга көп.

2020-жылы негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өндүрүлүшү

 

Иш үзүндө   миң тонна

2020 2019 карата
пайыз менен

 

2019

2020

Дан (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз, иштетилгенден кийинки салмакта)

1 781,4

1 856,0

104,2

          анын ичинен:

     

      буудай (иштетилгенден кийинки салмакта)

601,2

629,1

104,6

      арпа (иштетилгенден кийинки салмакта)

465,9

510,2

109,5

Дан буурчак өсүмдүктөрү

108,6

107,2

98,7

Май алынуучу өсүмдүктөр

31,1

23,9

76,7

Кант кызылчасы (фабрикалык)

741,1

448,8

60,6

Тамеки (зачеттук салмакта)

0,9

1,0

107,9

Пахта чийки заты (зачеттук салмакта)

80,2

72,8

90,7

Картошка

1 373,8

1 327,2

96,6

Жашылча

1 133,6

1 131,2

99,8

Бакча өсүмдүктөрү

245,8

261,5

106,4

Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү

269,5

278,0

103,2

2020-жылы 629 миң тонна буудай бастырылды, бул 2019-жылга салыштырмалуу 4,6 пайызга көп жана арпа 510 миң тоннага же 9,5 пайызга көп бастырылды.

 261,5 миң тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналды, бул 2019-жылга салыштырмалуу 6,4 пайызга көп жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 278 миң тонна же 3,2 пайызга көп жыйналды.

 Муну менен катар, бир миллион тоннадан ашык картошка жыйналды, бул мурунку жылга салыштырмалуу 3,4 пайызга аз, анын ичинде Баткен облусунун чарбаларында 7,5 пайызга, Талас - 5,2 пайызга, Ысык-Көл - 4,9 пайызга жана Жалал-Абад облустарында - 4,4 пайызга аз жыйналды. 2020-жылы картошка өндүрүшүнүн төмөндөшү анын айдоо аянттарынын 3,7 пайызга кыскарышы менен шартталды.

Өткөн жылы жашылчалар бир миллиондон ашык тонна же 0,2 пайызга аз жыйналды, аларды жыйноо Талас облусунун чарбаларында - 9,9 пайызга, Нарын облусунда - 3,2 пайызга жана Ош облусунда - 1,4 пайызга кыскарышы менен шартталды.

Кант кызылчасы 449 миң тонна жыйналды, бул 2019-жылга салыштырмалуу 39,4 пайызга аз, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында аны чогултуунун көлөмү 39,8 пайызга, Талас облусунда - 27,4 пайызга төмөндөдү. Бул азайуу жалпысынан 2020-жылы кант кызылчасын айдоо аянттарынын 42 пайызга кыскарганына байланыштуу болду.

_______________________________________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Last updating: 22.01.2021, 15:44