К. Исалиев Улутстаткомдун төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Publications: 06.02.2019


Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кошой Исалиев Улутсттаткомдун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. 

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Улутстаткомдун төрагасынын жаңы орун басары Исалиев Кошой Овозбекович эмгек жамаатка тааныштырылды.

К. Исалиев буга чейин, Чүй облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын, Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын жетекчиси, Улутстакомдун Башкы эсептөө борборунун башчысы кызматтарында иштеген.

 


Last updating: 07.02.2019, 11:14