КР Улуттук статистика комитетинин ишмердүүлүгүн кандай бааласа болот?

Publications: 16.09.2019


Улуттук статистика комитети интерактивдүү сурамжылоо жүргүзүп жатат. Анда статистикалык маалыматтарды колдонуучулардын канааттануу деңгээли аныкталат, ошол себептен бардык респонденттерди жана колдонуучуларды расмий сайттагы (www.stat.kg) анкетаны толтурууга чакырат.

Сурамжылоону  30 күндүн аралыгында (ү. ж. 16.09дан 16.10га чейин) өткөрүү пландалып жатат. Анын жүрүшүндө Улутстатком өзүнүн колдонуучуларынын керектөөлөрүн түшүнүүнү жакшыртууга мүмкүндүк алат, өзүнүн ишмердигин жана көрсөтүп жаткан кызматынын сапатын баалай алат. Ошондой эле мындан ары да өз ара иштешүүнү жакшыртып, натыйжада расмий статистикага кызыгууну жогорулатат.


Last updating: 18.10.2019, 17:24