Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жамааты Жумакадыр Акенеевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

Publications: 16.08.2018


Кечээ, 15-августта, белгилүү экономист, экономика жана коомдук ишкердик маселелери боюнча эксперт - Жумакадыр Асанкулович Акенеев 64 жашында күтүүсүз дүйнөдөн кайтты.

Ж.А. Акенеев 1954-жылдын  22-январында Ысык-Көл облусунун Улахол айылында туулган.

1976-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. 1977-жылы - политехникалык институттун окутуучусу,  1981-жылы - Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин капиталдык курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы, 1983 – 1990-жж. – Мамлекеттик агрономия өнөр-жайынын илимий-изилдөө институтунун сектор башчысы, 1990-жылы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кеңешинин  экономикалык реформасы боюнча Мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары.

1992-жылы КМШ Өкмөттөр башчыларынын Кеңешине караштуу консультациялык экономикалык жумушчу комиссиясында Кыргыз Республикасынын толук ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалган.   

1993-жылы Ж.А. Акенеев Статистика боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалат. Анын келиши менен улуттук статистиканын өнүгүүсүнүн жаңы этабы башталган. Мамлекеттик агенттик  анын күчү менен Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча Мамлекеттик комитети, андан кийин мамлекеттик статистика органдарынын статусун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен -  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети болуп кайрадан уюшулган. Статистикалык улуттук кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында отчет бере турган болгон жана мурдагы советтер союзу мейкиндигинде көз карандысыз органдын статусун биринчи алган.   

1994-жылы анын түз жетекчилигин алдында мамлекеттик статистиканын жаңы мыйзамдык жана ченемдик базасы түзүлгөн жана көз карандысыз мамлекеттин статусуна жооп берүүчү «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамы ишке киргизилген. «Статистика кызматкерлеринин күнү» уюштурулган жана жыл сайын белгиленет.

2014-жылы ал Статистика боюнча Кеңештин активдүү мүчөсү болуп саналган.

Мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери терең кайгыруу менен  Жумакадыр Асанкуловичтин жакындарына жана туугандарына көңүл айтышат. Бул жоготууда Сиздердин кайгыны тең бөлүшөбүз.

Жумакадыр Асанкулович өзүнүн өлкөсүнө татыктуу кызмат өтөгөн, чынчыл жарандын, калыс жана ак көңүл адамдын элесинде биздин жүрөктө түбөлүк сакталып калат.

 


Last updating: 16.08.2018, 17:30