2018-жылдын тогуз айы үчүн чакан жана орто ишкерлик ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрүнүн кыскача талдоосу

Publications: 06.12.2018


Кыргыз Республикасынын аймактарында 2018-ж. январь-сентябрында 11,4 миң ишкана иштеген, анын ичинен 10,6 миңи - чакан ишканалар, 0,7 миңи - орто ишканалар.  Учурда иштеп жаткан чакан ишканаладын 60 пайызы өзүнүн ишмердиктерин Бишкек ш. жүргүзөт.

2018-жылдын 1-октябрына карата Статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтар базасына киргизилген жеке ишкерлердин саны  398,1 миң бирдикти түздү,  өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу алардын саны 2,7 пайызга өстү. 

2018-ж. январь-сентябрында чакан жана орто ишкердик чөйрөсүндө (дыйкан жана фермер чарбасын кошпогондо) иштегендердин саны 82,5 миң адамды түздү.

2018-жылдын январь-сентябрынын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкерлик субъекттер тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң наркынын үлүшүнүн көлөмү 140,5 млрд. сом өлчөмүндө түзүлгөн, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу  6,0 пайызга көбөйдү, ал эми ИДП көлөмүндөгү анын үлүшү 38,2 пайызды түздү (2017-ж. ИДПга карата 37,8 пайыз). Кошумча дүң наркынын (КДН) көлөмүнүн үлүшүнүн көбөйүүсүнө анын дүң жана чекене соода тармагында - 0,6 пайыздык пунктка, өнөр жай тармагында – 0,3 пайыздык пунктка, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо - 0,2 пайыздык пунктка өсүшү менен шартталды.

2018-жылдын январь-сентябрында чакан жана орто ишкерлик субъекттердин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 37,1 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 14,8 пайызга көп. Ушул эле учурда, 2018-ж. январь-сентябрына салыштырганда өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндөгү алардын салыштырма салмагы 22,1 пайызды (2017-ж. январь-сентябрында – 20,1 пайыз) түздү.

Өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырганда чакан өнөр жай ишканаларынын өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн көбөйүшү, Талас жана Нарын облусунан башка, республиканын бардык региондорунда белгиленди. Орто ишканалар тарабынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмдөрүнүн өсүшү Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарында, Бишкек шаарында жана Ош шаарында  белгиленди, ал эми калган аймактарда анын төмөндөөсү белгиленди. Ал эми жеке ишкерлерди алганда, анда 2017-жылдын январь-сентябрына салыштырганда  алар тарабынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмдөрү, республиканын бардык региондорунда көбөйдү.

Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери тарабынан аткарылган подряддык иштердин көлөмү 2018-ж. январь-сентябрында 2017-ж. январь-сентябрына салыштырганда 5,1 пайызга көбөйдү. Муну менен бирге орто ишканаларда жана жеке ишкерлердин көлөмүнүн өсүүсү байкалган, ошол эле убакта чакан ишканаларда алар, тескерисинче, төмөндөдү.

Бардык региондордо, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарын жана Бишкек шаарын кошпогондо, подряддык иштердин бардык көлөмү чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан аткарылган.

Чакан жана орто ишкердик субъекттеринин дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 2018-ж. январь-сентябрында 306,6 млрд. сом өлчөмүндө түзүлгөн, бул 2017-ж. январь-сентябрына караганда 5,8 пайызга көп. Чакан жана орто ишкердиктин соода жүгүртүүсүнүн үлүшү республика боюнча анын жалпы көлөмүндө 90,8 пайызды түзгөн, анын ичинен негизги үлүш (46,4 пайызы) жеке ишкерлерге туура келген. Чакан ишканалардын үлүшү республика боюнча соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 34,8 пайызын, орто ишканалар – 9,6 пайызын түзгөн.

2018-ж. январь-сентябрында мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 13,6 млрд. сомду түзгөн. Жеке ишкерлер көрсөткөн кызматтардын үлүшү алардын жалпы көлөмүнүн 70,4 пайызын, чакан ишканалар – 17,9 пайызын, орто ишканалар - 2,8 пайызын түзгөн.

Айыл чарбасында (дыйкан (фермер) чарбаларын кошкондо) ишмердигин жүргүзгөн чакан жана орто ишкерлик субъекттери тарабынан 2018-жылдын январь-сентябрында 97,1 млрд. сомго продукция өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине  караганда 2,4 пайызга көп.

Чакан жана орто ишкерлик продукцияларынын дүң чыгарылышынын түзүмүндөгү 60,4 пайызы дыйкан (фермер) чарбалары өндүргөн продукцияларга туура келген.

Жеке ишкерлерди кошкондо дыйкан (фермер) чарбалары өндүргөн продукциялардын жалпы көлөмүнөн январь- сентябрында өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясынын үлүшүнө  62,9  пайызы, мал чарба продукциясынын үлүшүнө – 37,1 пайызы туура келген. Үстүдөгү жылдын январь- сентябрында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда айыл чарба продукцияларын дүѕ чыгаруунун көлөмүнүн өсүүсү өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясынын жогорулашы менен шартталды.

2018-жылдын I жарым жылдыгында чакан жана орто ишканалар тарабынан (дыйкан (фермер) чарбаларын жана жеке ишкерлерди кошпогондо) 81,3 млрд. сом продукцияларды (товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат (дүң киреше) алынган, экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын пайдасынын көлөмүндөгү алардын үлүшү 28,6 пайызды түздү. Түшкөн пайданын негизги көлөмү (түшкөн пайданын жалпы көлөмүнүн 62,6 пайызы) Бишкек шаарынын чакан жана орто ишканалары тарабынан алынган.

 Өткөн жылдын ушул мезгилине сылштырганда, түшкөн пайданын көлөмү 11,1 млрд. сомго же 15,9 пайызга  көбөйдү. Ушул эле учурда, өсүүнүн 5,9 млрд. сому  чакан ишканалар тарабынан алынган, ал эми 5,2 млрд сому – орто ишканалар тарабынан алынган.


Last updating: 06.12.2018, 15:57