2018-жылдын декабрындагы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарына керектөө бааларынын кыскача талдоосу

Publications: 29.01.2019


Ушул күндө болгон расмий маалыматтар боюнча, 2018-жылдын декабрында ЕЭАБ мүчө-мамлекеттеринин калган борборлору менен салыштырганда негизги тамак-аш азыктарынын, нанды кошпогондо, максималдуу орточо керектөө баалары Москва шаарында байкалды.

1-таблица: 2018-жылдын декабрында Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары1)

 

Бишкек ш.

Астана ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

4,76

4,41

5,73

3,96

Койдун эти

4,08

4,76

6,50

-

Ак (каймак) май

4,54

6,25

11,31

7,44

Пастеризацияланган сүт, литр

0,72

0,61

1,03

0,60

Жумуртка, ондук

1,03

0,82

1,10

1,06

Биринчи сорттогу буудай уну

0,42

0,43

0,58

0,54

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,60

0,37

0,83

0,90

Картошка

0,23

0,22

0,37

0,34

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 Буудай унунун орточо керектөө баалары.

(-) - Өкүл - товардын жоктугу.

2018-жылдын декабрында жумурткага болгон максималдуу орточо керектөө баа (ондук үчүн 1,10 АКШ доллары) Москва шаарында, ал эми минималдуу баа (ондук үчүн 0,82 АКШ доллары) - Астана шаарында катталды. 2018-жылдын декабрында кой этинин минималдуу орточо керектөө баасы (1 килограмм үчүн 4,08 АКШ доллары) - Бишкек шаарында, ал эми пастеризацияланган сүттүн (1 литр үчүн 0,60 АКШ доллары) - Минск шаарында катталды.

1-график: 2018-жылдын декабрында Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары)

  

2018-жылдын декарында орточо керектөө бааларынын деңгээли Бишкек шаарында пастеризацияланган сүткө Астана шаарында (15,3 пайызга) жана Минск шаарында (16,7 пайызга), уй этине - Астана шаарында (7,4 пайызга) жана Минск шаарында (16,8 пайызга) катталган баалардан жогору болуп түзүлдү. Мындан тышкары, 2018-жылдын декабрында биринчи сорттогу ундан жасалган нанга болгон орточо керектөө баалар Бишкек шаарында Астана шаарындагы баалардын деңгээлинен 38,3 пайызга, картошкага - 4,3 пайызга жана жумурткага – 20,4 пайызга ашты.  

2-таблица: 2018-жылдын декабрында Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларындагы айлык эмгек акынын сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы

 

Бишкек ш.

Астана ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

92,6

120,4

83,2

Койдун эти

100

116,7

159,3

-

Ак (каймак) май

100

137,7

249,1

163,9

Пастеризацияланган сүт, литр

100

84,7

143,1

83,3

Жумуртка, ондук

100

79,6

106,8

102,9

Биринчи сорттогу буудай уну

100

102,4

138,1

128,6

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

61,7

138,3

150,0

Картошка

100

95,7

160,9

147,8

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

291,4

721,2

1 187,9

647,9

 

 

 

 

 

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнү3 кг менен

Уйдун эти

61,2

157,9

198,8

163,0

Койдун эти

71,5

146,4

175,2

-

Ак (каймак) май

64,2

111,6

100,7

86,7

Пастеризацияланган сүт, литр

402,8

1 139,4

1 110,9

1 074,5

Жумуртка, ондук

282,6

850,1

1 036,7

608,5

Биринчи сорттогу буудай уну

700,1

1 622,8

1 948,6

1 195,9

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

489,6

1 872,5

1 365,6

716,3

Картошка

1 277,6

3 113,6

3 051,3

1 884,0

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 2018-ж. ноябрындагы - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2018-ж. октябрындагы - Москва ш. боюнча,
2018-ж. 4-кварталындагы - Астана ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

3 Орточо айлык эмгек акынын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн аныктоо үчүн 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасы кабыл алынды.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларындагы орточо айлык эмгек акынын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн2 салыштырма талдоосу көрсөтүп тургандай, 2018-жылдын декабрындагы анын көрсөткүчтөрү бардык тамак-аш азыктарына Бишкек шаарында башка борборлордогу алардын деңгээлдеринен артта калды, бул Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталды.

______________________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                                |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).

 


Last updating: 29.01.2019, 16:13