Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттериндеги керектөө секторундагы инфляциянын деңгээлинин 2019-жылдын майындагы кыскача салыштырмалуу талдоосу

Publications: 11.06.2019


2019-жылдын майында мурунку айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы, баалардын 0,4 пайызга төмөндөгөн Армения Республикасын кошпогондо, (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттеринин бардыгында белгиленди.

 

ЕЭАБ мүчө-мамлекеттери боюнча керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

(пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

 

Май
апрелге карата

Май
мурунку жылдын декабрына карата

Январь-майындагы өсүүнүн орточо айлык темптери (төмөндөшү)

2018

2019

2018

2019

2018

2019

Армения

-1,0

-0,4

1,1

2,0

0,2

0,4

Беларусь

-0,3

0,3

2,5

3,0

0,5

0,6

Казакстан

0,2

0,6

2,4

2,4

0,5

0,5

Кыргызстан

-0,5

0,1

0,1

-0,3

0,0

-0,1

Россия

0,4

0,3

1,6

2,4

0,3

0,3

* Улуттук статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча.

2019-жылдын майында 2018-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын максималдуу деңгээли (3,0 пайыз) Беларусь Республикасында катталды, муну менен, Кыргыз Республикасында керектөө бааларынын жана тарифтеринин 0,3 пайызга төмөндөшү (дефляция) белгиленди.

Муну менен бирге, 2019-жылдын майында 2018-жылдын декабрына салыштырмалуу баалар жана тарифтер эң көп Казахстан Республикасында азык-түлүк товарларга (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) - 5,7 пайызга жогорулады. Ошол эле мезгилде, азык-түлүк эмес товарларга болгон баалардын максималдуу өсүүсү – 2,3 пайызга, кызмат көрсөтүүлөргө – 3,6 пайызга Беларусь Республикасында катталды.

 

2019-жылдын майындагы ЕЭАБ мүчө-мамлекеттериндеги керектөө секторундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча инфляциянын деңгээли

 ((пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

 

Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

анын ичинде:

азык-түлүк

товарлар**

азык-түлүк эмес товарлар

кызмат көрсөтүүлөр

         
 

Мурунку айга карата

Армения

-0,4

-1,3

0,5

0,1

Беларусь

0,3

0,1

0,6

0,4

Казахстан

0,6

0,9

0,5

0,2

Кыргызстан

0,1

0,3

-0,1

0,1

Россия

0,3

0,4

0,2

0,4

 

Мурунку жылдын декабрына карата

Армения

2,0

3,7

0,9

0,4

Беларусь

3,0

3,1

2,3

3,6

Казахстан

2,4

5,7

1,8

-1,0

Кыргызстан

-0,3

1,0

-2,3

-0,6

Россия

2,4

3,5

1,6

2,1

         

* Улуттук статистика кызматынын маалыматы боюнча.

** Алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди кошкондо.

 

___________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү               |e-mail: ceny@stat.kg;            |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 11.06.2019, 13:42