Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчү-мамлекеттериндеги керектөө секторундагы инфляциянын деңгээлинин кыскача салыштырмалуу талдоосу

Publications: 13.09.2018


Үстүбүздөгү жылдын августунда мурунку айга салыштырмалуу Армения Республикасында  (0,6 пайызга) керектөө бааларынын өсүшү катталды. Муну менен, үстүбүздөгү жылдын августунда керектөө бааларынын (0,4 пайызга) төмөндөөсү Кыргызстан Республикасында белгиленди.

ЕЭАБ мүчү-мамлекеттери боюнча керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

(пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

 

Август
июлуна карата

Август
мурунку жылдын декабрына карата

Январь-августунда өсүүнүн орточо айлык темптери (төмөндөшү)

2017

2018

2017

2018

2017

2018

             

Армения

-0,4

0,6

-1,8

-1,2

-0,2

-0,1

Беларусь

-0,8

0,1

2,5

2,9

0,3

0,4

Казакстан

0,1

0,2

3,9

2,9

0,5

0,4

Кыргызстан

-0,2

-0,4

1,5

-1,2

0,2

-0,2

Россия

-0,5

0,0

1,8

2,4

0,2

0,3

* Улуттук статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча.

Үстүбүздөгү жылдын августунда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын максималдуу деңгээли (2,9 пайыз) Беларусь жана Казакстан Республикаларында белгиленген. Муну менен, үстүбүздөгү жылдын 8 айынын ичинде керектөө товарларынын (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) эң көп Казакстан Республикасында - 2,3 пайызга кымбаттаган, ал эми Кыргыз Республикасында жана Армения Республикасында, тескерисинче, тийиштүүлүгүнө жараша, алардын 3,6 пайызга жана 4,0 пайызга төмөндөөсү байкалган.

Үстүбүздүгү жылдын башынан тартып Казакстан Республикасында (3,6 пайызга) - азык-түлүк эмес товарларга, Беларусь Республикасында (5,8 пайызга) - кызмат көрсөтүүлөргө болгон баалар жана тарифтер көбүрөөк өскөн.

2018-жылдын августунда ЕЭАБ өлкөлөрү боюнча керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

((пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

 

Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

анын ичинде:

азык-түлүк

товарлар1

азык-түлүк эмес товарлар

кызмат көрсөтүүлөр

         
 

Мурунку айга карата

Армения

0,6

1,5

-0,5

0,1

Беларусь

0,1

-0,2

0,5

0,2

Казахстан

0,2

-0,2

0,6

0,2

Кыргызстан

-0,4

-1,3

0,1

1,4

Россия

0,0

-0,4

0,2

0,3

 

Мурунку жылдын декабрына карата

Армения

-1,2

-4,0

0,9

1,3

Беларусь

2,9

1,7

2,6

5,8

Казахстан

2,9

2,3

3,6

3,0

Кыргызстан

-1,2

-3,6

-0,7

5,3

Россия

2,4

1,4

2,6

3,3

         

* Улуттук статистика кызматынын маалыматы боюнча.
1 Алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди кошкондо.

___________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бүлүмү               |e-mail: ceny@stat.kg;            |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлүргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жүнүндү” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 13.09.2018, 17:46