Кары адамдардын эл аралык күнү: цифралар жана фактылар

Publications: 30.09.2018


Кары адамдардын эл аралык күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул тууралуу чечим Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 1990-жылдын декабырнда кабыл алынган.

Кары адамдардын Күнүн өткөрүүнүн максаты, кары адамдардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына, алардын коомчулукка болгон керектүүлүк сезимин колдоого, коомдун   демографиялык карылыгы жөнүндө коомчулуктун маалымдалышынын деңгээлин жогорулатууга дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. 

Согуш жылдарындагы муундарга салыштырмалуу, 1950-жылдарда көбүрөөк туулган муундардын катары пенсия жашына келгендигинен  Кыргызстанда эмгекке жөндөмдүүдөн жогорку жаштагы жактардын саны жыл сайын көбөйүп келүүдө. Акыркы беш жылдын ичинде эле ушул жаштын тобундагы жактардын саны бүтүндөй республика боюнча дээрлик  70 миң адамга же 18 пайызга көбөйдү. 

Кыргыз Республикасында 2018-жылдын башында эмгекке жөндөмдүүдөн жогорку жаштагы 472,1 миң жараны, же республиканын ар бир жетинчи жашоочусу жашаган. Эмгекке жөндөмдүүдөн жогорку жаштагы эркектердин саны (63 жаш жана андан улуу) 141,7 миң адамды, же эркектердин  4,6 пайызын, ал эми аялдардын саны (58 жаш жана андан улуу) – 330,4 миң адамды, же аялдардын 10,5 пайызын түзгөн. Ушул эле учурда, бул жаштын тобундагы аялдардын саны эркектердин санынан 189 миң адамга, же 2,3 эсеге ашты.

Ошентип, эмгекке жөндөмдүүдөн жогорку жаштагы тургундардын негизги бөлүгүн аялдар түзөт, себеби алардын өмүрүнүн узундугу эркектердикине караганда жогору. 2017-жылы эркектер үчүн өмүрдүн күтүлүүдөгү узундугу 67,2 жашты, аялдар үчүн - 75,4 жашты түзгөн. Өмүрдүн узундугундагы ушул айырма жыныстары боюнча өлүмдүн деңгээлиндеги айырмачылыктарга байланыштуу: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда болжол менен бир жарым эсеге жогору. Пенсия курагына чейин жетүү мүмкүндүгү аялдарда 90 пайызга жакын, ал эми эркектерде – 70 пайызга жакынды түзөт. Бул жерде аялдардын пенсия жаш курагы беш жылга эрте келе тургандыгын да (эркектер – 63 жашта, аялдар – 58 жашта) эске алуу керек. Азыркы учурдагы 60 жаштагы аялдар мындан ары дагы  20 жылга жакын, ал эми эркектер – 15 жылга жакын жашашы ыктымал.

БУУнун классификациясына ылайык, калктын жалпы санында 65 жаш жана андан улуу жаштагы жактардын үлүшү 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш, эгерде, 4 пайыздан 7 пайызга чейинки интервалда болсо, – калк карылыктын босогосунда, ал эми 7 пайыздан жогору болсо, – өлкөнүн калкы карыган болуп эсептелет. 

Кыргызстандын калкы акырындап карылыктын босогосуна жакындап келе жатат: 2018-жылдын башында 65 жаш жана андан улуу жаштагы 287,7 миң адам, же 4,6 пайыз кыргызстандыктар болгон. Бирок, бул көрсөткүч КМШнын башка өлкөлөрүнүн көрсөткүчтөрүнө салыштырганда олуттуу түрдө төмөн. (Мисалы, 2018-жылдын башына карата Азербайжан боюнча көрсөткүч – 6,5%, Армения – 11,6%, Россия – 14,6%, Беларусь – 15,0%, Украина – 16,5% түзгөн). БУУнун болжолдоосу боюнча Кыргызстанда бул тенденция, 65 жаш жана андан улуу жаштагы кары адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындаганда, болжол менен 2030-жылдары жаралышы мүмкүн.

2017-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын жана башка министрликтердин жана ведомстволордун эсепке алуусунда 673,2 миң пенсионер болгон, алардын ичинен 493,5 миң адам, же 73 пайызы пенсияларды жаш курагы боюнча алуучулар болуп саналган.  

2017-жылы айлык пенсиялардын дайындалган орточо өлчөмү 5578,0 сомду түзгөн, бул пенсионерлер үчүн болгон жашоо минимумдун бюджетинен 27 пайызга ашык. 

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсиялык камсыздандырууга карата үлүшү 88,1 пайызды түзгөн жана 2013-жылга салыштыруу боюнча 2,8  пайыздык пунктка көбөйгөн. 

 

Пенсия алуучулардын саны, миң адам​

 

Айлык пенсиялардын дайындалган орточо өлчөмү, сом


Last updating: 01.10.2018, 16:30