2018 жылдын I - жарым жылдыгындагы калкты микрокредиттештирүү

Publications: 24.08.2018


Микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан ү.ж. I - жарым жылдыгында 10,4 млрд. сом суммасында насыя берилип, алуучулардын саны 220,5 миң адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 64,7 пайызга (86,6 миң адамга), ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 2,8 млрд. сомго көбөйгөн.

 Микрокредиттердин негизги үлүшүн – (берилген кредиттердин жалпы көлөмүнүн 52,2 пайызын же 5,4 млрд. сому) 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө жана 1 жылдан 3 жылга чейинки (40,2 пайызын же 4,2 млрд. сому) берилүүчү кредиттер түздү.

Микрокредиттердин эң көп саны 50 миңден 300 миң сомго чейин жогору өлчөмдө берилди, аларды 59,7 миң адам 5,5 млрд. сом суммасында алды, ошондой эле 25 миңден 50 миң сомго чейинки өлчөмдөгү кредиттерди 59,7 миң адам 2,4 млрд. сом суммасында берилди. Микрокредиттерди алган адамдардын ичинде аялдар (55,1 пайыз же 121,4 миң адам) басымдуулук кылды.

Yстүбүздөгү жылдын I-жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33,5 пайызы айыл - чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 22,7 пайызы керектөөчүлүк кредиттерине ошондой эле 14,2 пайызы – калкты турмуш тиричилиги жактан тейлөөгө багытталды.

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Ош облусуна (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 20,3 пайызы), Бишкек ш. (19,3 пайызы), Чүй облусуна (15,1 пайызы) жана Жалал-Абад облусунун (13,8 пайызы) алуучуларына берилген.

Кредиттештирүүнүн негизги көлөмү микрокредит уюмдарынын менчик каражаттарынын эсебинен (берилген кредиттин 62,1 пайызы) берилген. Финансылык – кредит уюмдарынын кредиттери жана карыздары ошондой эле чет  өлкөлүк финансылык – кредит уюмдарынын жана донорлорунун кредиттери микрокредит уюмдарынын негизги карыз алуучу булактары болуп саналат. Алардын үлүшүнө калкка берилген микрокредиттердин 35,0 пайызы туура келди.

2018-жылдын 1-июлуна карата берилген микрокредиттер боюнча карыз 14,1 млрд. сомду түздү. Микрокредиттерди кайтаруу деңгээли 2018-жылы 92,8 пайызды түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 0,2 пайыздык пунктка жогору.


Last updating: 24.08.2018, 12:49