Көмүрдүн баасынын туруктуу төмөндөө тенденциясы байкалууда

Publications: 28.01.2022


Көмүрдүн чекене баалары 2022-жылдын январында республика боюнча орточо эсеп менен алганда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу бир пайызга төмөндөдү жана бир тонна үчүн 5 178 сомду түздү.

Муну менен бирге, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы (бир тонна үчүн – 3 950 сом) жана Нарын шаарларында (бир тонна үчүн – 4 400 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда көмүргө карата эң жогорку баалар Кара-Суу (бир тонна үчүн – 7 000 сом), Баткен жана Ноокат (бир тонна  үчүн – 7 230 сом) шаарларында катталды.

Байкоого алынган көпчүлүк калк жашоочу пункттарда көмүргө карата чекене баалардын төмөндөгөнү, алардын ичинен көбүрөөк Ноокат (бир тонна үчүн – 530,8 сом),  Кербен (бир тонна үчүн – 510,5 сом) жана Токтогул (бир тонна үчүн – 488,8 сом) шаарларында белгиленди.

Айрым калк жашоочу пункттарда көмүрдүн орточо чекене баалары

(бир тонна үчүн сом)

 

 

Декабрь

2021

 

Январь

2022

Четтөө:

Өсүү (+), төмөндөө (-)

(2022ж.январы 2021ж.-декабрына карата)

Кыргыз Республикасы

5 211,2

5 178,5

-32,7

 Каракол ш.

6 682,6

6 699,3

16,7

 Балыкчы ш.

4 049,7

3 949,7

-100,0

 Кербен ш.

7 211,1

6 700,6

-510,5

 Токтогул ш.

6 846,5

6 357,8

-488,8

 Жалал- Абад ш.

6 815,4

6 551,9

-263,6

 Чаек а., Жумгал району

3 000,0

3 000,0

0,0

 Нарын ш.

4 500,0

4 400,0

-100,0

 Исфана ш.

6 846,5

6 614,4

-232,2

 Баткен ш.

7 598,7

7 230,4

-368,3

 Кара-Суу ш.

7 000,0

7 000,0

0,0

 Ноокат ш.

7 763,9

7 233,2

-530,8

 Өзген ш.

5 863,6

5 438,7

-424,9

 Покровка а., Манас району

6 000,0

6 000,0

0,0

 Талас ш.

5 612,5

5 246,0

-366,5

 Кара-Балта ш.

4 500,0

4 500,0

0,0

 Токмок ш.

4 598,9

4 598,9

0,0

 Бишкек ш.

4 500,0

4 500,0

0,0

 Ош ш.

6 763,5

6 849,2

85,6

Жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө карата бааларды жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы №209 токтому менен көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Көмүрдү төмөндөтүлгөн бааларда сатуу боюнча түйүндөрүнүн Жалал-Абад (тоннасы 4 000 сом), Ноокат (тоннасы 5 000 сом), Кара-Суу (тоннасы 3 000-3 800 сом) жана Бишкек (тоннасы 3 000 сом) шаарларында катталды.

Көрүлгөн чаралардын убактылуу мүнөзүн эске алуу менен жогоруда келтирилген баалар Улутстатком тарабынан орточо бааларды эсептөөлөрдүн жүрүшүндө жыйынтыктарга киргизилбейт.

Көмүргө карата (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштө) орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын ар жумалык мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.

_______________________________________________________________________________

Баалардын статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 28.01.2022, 14:34