Улутстатком каттоону жүргүзүү мезгилинде убактылуу кызматкерлерди жумушка тартууну пландаштырууда

Publications: 21.01.2022


Улутстатком, азыркы учурда 2022-жылдын 25-марттан 3-апрелге чейинки мезгил аралыгында Эл жана турак жай фондун каттоого карата даярдык толук кандуу жүрүп жаткандыгын маалымдайт.

Мурда белгиленгендей, 1999-жана 2009-жылдары кагаз суроолор жыйнагын пайдалануу менен жүргүзүлгөн каттоолордон башкы айырмасы, алдыдагы каттоо маалыматтарды топтоонун электрондук форматтагы ыкмаларын колдонуу менен биринчи жолу өткөрүлөт.

Мындай ыкманын башкы артыкчылыктарынын бири алынган маалыматтардын сапатын жогорулатуу, аларды иштеп чыгууга кеткен убакытты кыскартуу жана эң башкысы, каталарды ыкчам табуу жана четтетүү болуп саналат.

Убактылуу каттоочу кызматчыларга төмөнкү талаптар коюлат:

  • Кыргыз Республикасынын жараны;
  • Жашы 18ден жогору;
  • Буга чейинки эл каттоолорго же ар кандай тандоочу изилдөөлөргө катышкан (мүмкүн болсо);
  • Android 5 же андан жогорку версиясындагы операциялык тутум аркылуу башкаруучу уюлдук аппараттын бар болушу (каттоочулар үчүн).

Ишке орношуу боюнча бардык суроолоруңузду жашаган жер боюнча мамлекеттик статистиканын облустук башкармалыгына төмөнкү телефондор боюнча кайрылсаңыздар болот:

Баткен облусу: 0(3622) 5-01-40, 0778 987 839

Жалал-Абад облусу: 0(3722) 5-14-78, 0222 057 770

Ыссык-Көл облусу: 0(3922) 5-29-49, 0225 069 449

Нары облусу: 0 (3522) 5-04-62, 0708 505 444

Ош облусу: 0 (3222) 5-55-23,  0778 500 177, 0558 318 150

Талас облусу: 0(3422) 6-02-25, 0505 155 615  

Чүй облусу: 67-04-15, 0500 216 814 

Бишкек ш.: 62-64-72, 0551 230 975, 0702 236 808

Ош ш.: 0(3222) 7-30-14, 0550 100 163, 0776 100 163

           


Last updating: 21.01.2022, 14:24