Улутстатком туризм статистикасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды баштады

Publications: 20.11.2019


Бүгүн 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде министрликтердин жана административдик мекемелердин өкүлдөрү менен туризм тармагындагы статистикалык маалыматтарды чогултуудагы маселелер боюнча Дүйнөлүк банктын эл аралык эксперти В. Mархонько менен жолугушуу болуп өттү.

 Жолугушуунун жүрүшүндө Туризм статистикасы боюнча эл аралык сунуштарга ылайык (ТСЭС-2008), улуттук денгээлде туризм статистикасы боюнча методологиялык жоболорду жаңылоо жана кошумча эсептерди түзүүнүн эксперименталдык ыкмасын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

_________________________________________________________________________________________________________

 Соода, МКТ жана туризм статистикасы башкармалыгы | e-mail: ltekeeva@stat.kg| 
тел. + 996 (312) 324650

Керектөө рыногу, МКТ жана туризм статистикасы бөлүмү | e-mail: vmambetalieva@stat.kg | тел. + 996 (312) 324725

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).

 


Last updating: 20.11.2019, 16:54