Улутстатком колдонуучуларды статистикалык маалыматтарды туура чечмелөөгө чакырат

Publications: 29.05.2019


Эскертип өтсөк, кечээ, 28-майда 5-каналдын эфириндеги “О главном” берүүсүндө айтылган ой-пикирлердин жүрүшүндө программанын алып баруучусу республикага тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүшү жөнүндө статистикалык маалыматтарга комментарий берүү менен көрсөткүчтөрдүн өзгөргөндүгүнө байланыштуу алардын ишенимдүүлүгүнөн күмөн санап өттү.

Бул ой-пикирлердин авторуна тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүшү жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан эл аралык тажрыйбада кабыл алынган жылдык иштелмелердин жыйынтыгы боюнча алдын ала берилген маалыматтарды тактай турган методологияга ылайык иштелип чыга тургандыгын маалымдап кетмекчибиз. Бул көрсөткүчтөрдү кайра карап чыгуу тажрыйбасы дүйнө өлкөлөрүнүн статистикасында да пайдаланылат.

Ушуга байланыштуу, Улутстатком 2018-жылдагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүшү боюнча акыркы жана алдын ала маалыматтардын ортосунда түзүлгөн айырмачылыктарга түшүндүрмө берет.

Өткөн жылдагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүшү жөнүндө алдын ала жыйынтыктар 2019-жылдын январь айында ишканалар жана уюмдар тарабынан мамлекеттик статистика органдарына берилген маалыматтардын негизинде түзүлгөндүгүн белгилей кетүү керек. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 569,8 млн. доллар өлчөмүндө түзүлгөн жана 2017-жылга салыштырмалуу 7,6 пайызга азайган.

Ал эми акыркы маалыматтар боюнча айта турган болсок, аларды Статистикалык иштердин программасына ылайык иштеп чыгуу үстүдөгү жылдын июнь айына чейин, т.а., респонденттер тарабынан салык декларациялары тапшырылгандан кийин аяктайт, ишканалар жана уюмдар тарабынан алынган пайда же чыгымдын көлөмү, жарыяланган дивиденддер жана башка көрсөткүчтөр ушуга ылайык такталат.

Улутстатком тарабынан жүргүзүлгөн акыркы эсептердин натыйжасында, республикага тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү көлөмү 851,7 млн. доллар өлчөмүндө түзүлүп, 2017-жылга салыштырмалуу 38,1 пайызга көбөйгөн.

Ошону менен бирге Улутстатком колдонуучуларга бардык басылып чыккан басылмалар “маалыматтар алдын ала берилген маалыматтар болуп саналат жана такталышы мүмкүн” деген маалыматтарды камтый тургандыгына көңүл бурууга чакырат.

Акырында, Улутстатком статистикалык маалыматтардын колдонуучуларына жеке ой-пикирге гана таянуу менен тигил же бул көрсөткүчтүн туура эместиги жөнүндө шашылыш тыянактарды чыгарбоону, колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн, республиканын экономикасынын жана социалдык чөйрөсүнүн түрдүү маселелери боюнча, жалпылап айтканда, тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүшү, ошондой эле көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгаруунун методологиясы боюнча кеңири статистикалык маалыматтар жайгашкан, Улутстаткомдун расмий сайтына (www.stat.kg) кайрылууну сунуш кылат. 

____________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 30.05.2019, 10:46