Улутстатком өз ара соода боюнча статистикалык маалыматтарды топтоо жана иликтөө боюнча адистерди окутууну улантууда

Publications: 27.09.2017


Бүгүн, 27 – сентябрда, Жалал-Абад облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети аймактык мамлекеттик статистика кызматкерлерин Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрү менен өз ара соода боюнча статистикалык маалыматтарды  топтоо жана иликтөө боюнча Азиялык өнүктүрүү банкынын колдоосу менен окутууларды баштады.

Жалал-Абад облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын кызматкерлерин окутуу иш-чарасын Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов ачып берүү менен, бул окутуулардын өз ара соода боюнча статистикалык маалыматтарды топтоонун сапатын жогорулатуудагы чоң маанисин белгилеп, иш-чаранын катышуучуларына ийгилик каалады.

Мындай окутуулар 29-сентябрда Баткен облустук статистика башкармалыгында өткөрүлүп, облустагы райондордун жана шаарлардын адистерине өз ара соода статистикасынын көрсөткүчтөрүн түзүү ыкмалары жана тийиштүү иш кагаздарын толтуруу боюнча практикалык түшүнүктөр берилет.


Last updating: 27.09.2017, 12:16