Улутстатком 2020-жылы боло турган эл жана турак жай фондун каттоо маселелери боюнча каттоочулар үчүн окутуу семинарынын үчүнчү жыйынтыктоочу этабын өткөрөт

Publications: 10.03.2020


Улуттук статистика комитети жана анын аймактык бөлүмдөрү эл жана турак жай фондун каттоону өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү максатында окутуу семинарларынын серияларынын үчүнчү этабын өткөрөт. Бул топко кирген катышуучулардын эң көп санын (24 миң адамдан ашуун) эске алып, эки этапта окутууну жүргүзүү чечими кабыл алынган. Убактылуу персоналдын биринчи тобу үчүн окутуу үстүбүздөгү жылдын 11 - мартынан 15-мартына чейинки мөөнөттө, ал эми экинчи топ үчүн 16-мартынан 20-мартына чейинки мөөнөттө өткөрүлөт.

Семинарлардын жүрүшүндө каттоочулардын милдеттерин, мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроолордун программаларын, ошондой эле аларды толтуруу тартибин кылдат кароо пландаштырылууда.

 

__________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү |   e-mail:rchynybaeva@stat.kg;      |   тел. + 996 (312) 325336

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 10.03.2020, 14:27