Улутстатком 2020-жылы боло турган эл жана турак жай фондун каттоо маселелери боюнча инструктор – контролерлор үчүн окутуу семинарынын экинчи этабын өткөрөт

Publications: 04.03.2020


Эл жана турак жай фондун каттоону өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында, Улутстатком жана анын аймактык бөлүмдөрү үстүбүздөгү жылдын 5-мартынан 9-мартына чейин убактылуу персонал үчүн окутуучу семинарлардын серияларынын экинчи этабын өткөрөт. Ошону менен бирге, жалпы республика боюнча каттоо иштерине тартылган 2,5 миңден ашык инструктор – контролерлор окутуудан өтүшөт.

Семинарлардын жүрүшүндө инструктор – контролерлордун милдеттерин, мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроо барактарынын мазмунун жана аларды толтуруу тартибин, ошондой эле инструктор – контролерунун электрондук жеке бөлмөсүн деталдуу түрдө кароо пландаштырылууда.

 

 

__________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү |   e-mail:rchynybaeva@stat.kg;      |   тел. + 996 (312) 325336

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика ж¼н³нд¼” Мыйзамдын 17-беренеси).

 

 


Last updating: 05.03.2020, 10:19