Улутстатком пилоттук (сынамык) эл жана турак жай фондун каттоосунун үлгүсүндө окутуу семинарын өткөрүп жатат

Publications: 28.03.2019


Бүгүн, 28-мартта Токмок шаарында мамлекеттик статистиканын облустук башкармалыгынын, шаардык, райондук бөлүмдөрдүн  адистери үчүн Улутстатком Чүй районундагы жана Токмок шаарындагы пилоттук (сынамык) эл жана турак жай фондун каттоосунун үлгүсүндө  окутуу семинарын өткөрүүнү баштады.

Окутуу семинарын ачып жатып, Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов пилоттук эл жана турак жай фондун өткөрүүнүн өзгөчө маанисин, аны өткөрүүнүн негизги максаты Кыргыз Республикасында 2020-жылы өтө турган эл жана турак жай фондун каттоосуна Улутстатком тарабынан иштелип чыккан уюштуруу-усулдук жана технологиялык камсыздоолорду апробациялоо болуп саналаарын жана пилоттук (сынамык) каттоонун жыйынтыгы менен кетирилген кемчиликтерди оңдоп, 2020-жылкы өтө турган жалпы республикалык эл жана турак жай каттоосун сапаттуу, жогорку деңгээлде өткөрүү керектигин белгиледи.

Окутуу семинарынын жүрүшүндө  катышуучуларга Кыргыз Республикасындагы 2019-жылдагы пилоттук (сынамык) каттоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматтар берилет, жана пилоттук каттону мобилдик түзүлүштөрдө өткөрүүнү жана Чүй-Токмок аймактык мамлекеттик статистика бөлүмүндө үлгү катары пилоттук каттоого даярдык катары өтмөкчү, ошондой эле райондук стат бөлүмдөрүндө регистратордук участокторду түзүү боюнча darek.kg. автоматташтырылган программасында иштердин алдын ала жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар берилмекчи.

Мындан тышкары, семинардын    катышуучуларынын алдында Чүй районунун  жана Токмок шаарынын каттоо бөлүмдөрүндөгү иштерди жана каттоону өткөрүү ыкмасын, уюштуруу жана башка  маселелерди талдоо турат.

Окутуу семинары  БУУнун  Фондунун калк тармагында (ЮНФПА) «Демографиялык маалыматтарды чогултуу, талдоо жана таркатуу жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика  системасын бекемдөө» долбоору менен каржыланат.


Last updating: 28.03.2019, 15:46