Улутстатком статистиканы өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча семинар өткөрүп жатат

Publications: 15.10.2018


Ушул күндөрү, Жалал - Абад шаарында Улуттук статистика комитети “Статистикалык интеллектуалдык потенциалды күчөтүү” 4-компоненттин чегинде “Статистиканы өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу” Дүнөлүк банктын долбоорунун компоненттерин ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча улуттук статистикалык системанын потенциалын күчөтүү” темасында эки күндүк семинар өткөрүп жатат.

Семинардын ишинде Улутстаткомдун жетекчилиги, эл аралык эксперттер, борбордук аппараттын жооптуу кызматкерлери, аймактык мамлекеттик статистика органдарынын жетекчилери жана адистери катышууда.

Саламдашуу сөзү менен чыгып, Улутстаткомдун Төрагасы Акылбек Султанов статистиканы өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруудагы улуттук статистикалык системанын потенциалын күчөтүүнүн зор маанисин белгилеп, азыркы мезгилдеги статистиканын алдында турган маанилүү максаттарга токтолду. 2019-жылы өткөрүлө турган сынактык эл жана и турак жай каттоосуна дыкаттык менен тийиштүү чараларды даярдоого чакырып, катышуучуларга семинардын ишинде ийгилик каалады.

Семинардын жүрүшүндө, статистикалык интеллектуалдык потенциалды күчөтүү, адистерди башкаруунун бирдиктүү маалымат системасын киргизүү, ошондой эле, адам ресурстарын башкаруу боюнча практикалык иш жүргүзүү маселелери каралат.


Last updating: 15.10.2018, 12:58