Улутстатком ADAPT жаңы инструментин киргизе баштады

Publications: 25.09.2019


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ПАРИС 21 уюмунун (21-кылымдагы статистика тармагындагы өнүгүү үчүн өнөктөштүк) жана БУУ-Аялдар уюмунун колдоосу менен, үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрга чейин ADAPT (Advanced Data Planning Tool) инструментин киргизүүгө арналган техникалык семинар өткөрүп жатат.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын жооптуу кызматкерлери, Улутстаткомдун, Улуттук банктын жана башка министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышып жатышат.

Семинардын максаты - пландоонун инновациялык веб-инструменти болгон ADAPT инструментин пайдаланууда республиканын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалын бекемдөө болуп эсептелет. Бул инструмент он-лайн режимде улуттук стратегиялардын индикаторлорун жана өнүгүүнүн тармактык программаларын мониторинг жасап жана пландоого, ошондой эле ТӨМдүн (Туруктуу Өнүгүү Максаттары) көрсөткүчтөрүнө жетишүүнү мониторинг жасоо үчүн статистикалык маалыматтарды чыгарууга жардам берет. Ошону менен бирге алдыга коюлган максаттарга жана керектөөлөргө жетишүү үчүн, ушул кемчиликтердин ордун толтуруучу зарыл ресурстардагы жетишпестиктерди ачыкка чыгарууга жардам берет.


Last updating: 25.09.2019, 16:57