2019-жылдын аягына карата экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын карыздырынын абалы тууралуу

Publications: 24.07.2020


2019-жылдын аягына карата республиканын экономикасынын реалдуу секторунун ишканаларынын дебитордук карызы 2018-жылдын тийиштүү мезгилинин көлөмүнө салыштырмалуу 35,0 пайызга же 40 562,3 млн. сомго, ал эми 2015-жылга салыштырмалуу - 36,2 пайызга же 41 595,5 млн. сомго көбөйүү менен 156 352,7 млн. сомду түздү.

1-График: Ишканалардын дебитордук карызы

(млн. сом)

2019-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу курулуш уюмдарында жана ишканаларында 10 715,8 млн. сомго, дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо - 10 558,3 млн., транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо - 7 243,5 млн., пайдалуу кендерди казуу - 4 170,3 млн., машина жана жабдуу өндүрүшүнөн башка, негизги металлдар жана даяр металл буюмдарын өндүрүү - 1 953,6 млн., кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (анын ичинде геологиялык чалгындоо) - 1 529,3 млн., электр энергиясынын өндүрүү, чыгаруу, аны берүү жана бөлүштүрүү боюнча ишканаларда 1 339,4 млн. сомго дебиторлордун карыздарынын көлөмү олуттуу түрдө көбөйдү. Муну менен бирге, өткөн жылда алардын көлөмү административдик жана көмөкчү ишмердик уюмдарда (201,7 млн. сомго), финансылык ортомчулук (112,9 млн.), газ жана газ менен жабдуу тутуму аркылуу газ түрүндөгү күйүүчү майды бөлүштүрүү (172,1 млн. сомго), кокс жана тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүү ишканаларында (132,3 млн. сомго) көбүрөөк кыскарды.

2019-жылдын аягына карата дебитордук карыздын жалпы көлөмүндөгү эң чоң үлүш дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (29,3 пайызы), иштетүү өндүрүшүндөгү (15,7 пайызы), курулуш (15,3 пайызы), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердиктер (8,7 пайызы) ишканаларынын карыздарына туура келди.

Республиканын ичиндеги ишканалардын карыздарынын көлөмү 117 084,2 млн. сомду (карыздардын жалпы көлөмүнүн 74,9 пайызын), КМШдан тышкары өлкөлөр - 16 755,8 млн. сомду (10,7 пайызды), КМШ өлкөлөр - 22 512,8 млн. сомду (14,4 пайызды) түздү. КМШ өлкөлөрүнүн арасынан негизги өнөктөштөр болуп Россия (10 550,9 млн. сом), Казакстан (9 415,5 млн.) жана Тажикстан (1 052,7 млн. сом) саналды.

2019-жылдын аягына карата 4 178,5 млн. сом суммасына республиканын экономикасынын реалдуу секторунун ишканаларынын дебитордук карызы боюнча карыздарды төлөөнүн мөөнөтү кечиктирилген, бул 2018-жылдын көлөмүнөн 3,4 пайызга жана 2015-жылдын көлөмүнөн - 3,5 эсеге аз. Муну менен бирге, жалпы алардын көлөмүндө мөөнөтү өткөн карыздын үлүшү 2,7 пайызды түзүп, акыркы беш жылдын ичинде 10,1 пайыздык пунктка кыскарган.

Мөөнөтү өткөн дебитордук карыздардын негизги үлүшү (57,1 пайызы) республикалык ички эсептешүүлөргө, ал эми анын көлөмүнүн 28,6 пайызы - КМШдан тышкары өлкөлөрдүн керектөөчүлөрүнө туура келген. Тармактар боюнча бөлүнүшүндө мөөнөтү өткөн карыздардын олуттуу көлөмү (44,7 пайызы же 1 868,2 млн. сому) кайра иштетүү өндүрүшүндөгү ишканаларга туура келген.

2019-жылдын аягына карата кредитордук карыз 2018-жылга салыштырмалуу 16,3 пайызга көбөйүп, 246 009,4 млн. сом өлчөмүндө аныкталды.

2019-жылы өткөн жылга салыштырмалуу кредитордук карыздын максималдуу өсүшү курулуш ишканаларында (22 146,0 млн. сомго), дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (6 354,6 млн.), машина жана жабдуу өндүрүшүнөн башка, негизги металлдар жана даяр металл буюмдарын өндүрүү ишканаларында (4 768,6 млн. сомго) катталды. Ошондой эле байланыш уюмдарынын (1 867,9 млн. сомого), кыймылсыз мүлк менен операциялар боюнча (1 733,1 млн.), тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды өндүрүү (1 589,2 млн.), кокс жана тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүү ишканаларынын (1 125,8 млн. сомго) карыздары олуттуу өстү. Муну менен бирге, ушул эле мезгил ичинде пайдалуу кендерди казуу ишканаларында - 4 289,3 млн. сомго, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (анын ичинде геологиялык чалгындоо) - 1 970,3 млн., электр энергиясынын өндүрүү (чыгаруу), аны берүү жана бөлүштүрүү боюнча - 881,0 млн., транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо ишканаларынын - 124,4 млн. сомго карыздары кыскарды.

2015-жылга салыштырмалуу кредитордук карыздын көлөмү 1,5 эсеге же 83 840,7 млн. сомго көбөйдү. Муну менен бирге, карыздардын өсүүсүнүн негизги суммасы курулуш (37 406,6 млн. ) жана дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо уюмдарына (23 140,3 млн. сом) туура келген, акыркы беш жылдын ичинде алардын карыздары туруктуу көбөйгөн.

2-График: Ишканалардын кредитордук карызы

(млн. сом)

2019-жылдын аягына карата абалы боюнча кредитордук карыздын түзүмүндөгү карыздардын эң чоң суммасы курулуш уюмдары жана ишканалары (27,0 пайыз), дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (23,3 пайыз), иштетүү өнөр жайы (17,6 пайыз) жана пайдалуу кендерди казуу ишканалары (9,5 пайыз) тарабынан түзүлгөн.

Өткөн жылы кредитордук карыздын жалпы көлөмүнүн 69,6 пайызы республиканын ички поставщиктеринин карыздарына туура келген. КМШ өлкөлөрү менен өз ара эсептешүүлөрүнүн үлүшү 8,8 пайызды, ал эми КМШдан тышкаркы өлкөлөрдүн ишканаларынын алдындагы үлүшү - 21,6 пайызды түзгөн.

Мөөнөтү өткөн кредитордук карыздардын көлөмү бир жыл ичинде 1,4 пайызга азайды жана 2019-жылдын аягына карата 5 274,1 млн. сомду (кредитордук карыздын жалпы көлөмүнүн 2,1 пайызын) түздү. Муну менен бирге, мөөнөтү өткөн карыздардын негизги суммаларын иштетүү өнөр жайы (2 469,5 млн. сом) жана пайдалуу кендерди казуу ишканалары (662,5 млн. сом) тарабынан жаралган.

2019-жылдын аягына карата абалы боюнча аймактык бөлүнүшүндө дебитордук карыздардын 62,4 пайызы - Бишкек ш., 11,8 пайызы - Чүй облусунун ишканалары тарабынан түзүлдү. 2018-жылга салыштырмалуу дебитордук карыздардын көлөмү Талас облусунун ишканаларында (5 172,0 млн. сомго) жана Бишкек ш. ишканаларында (23 282,8 млн. сомго) олуттуу көбөйгөн. Кредитордук карыздар боюнча карыздардын олуттуу суммасы Бишкек ш. ишканаларына (57,9 пайызы), Чүй (14,2 пайызы) жана Жалал-Абад облустарынын ишканаларына (10,2 пайызы) туура келди. Мында 2018-ж. салыштырмалуу кредитордук карыздырдын эң чоң өсүшү Талас облусунун (7 326,2 млн. сомго) жана Бишкек ш. ишканаларында ( 21 090,5 млн. сомго) белгиленди.

1-Таблицасы: Аймактар боюнча ишканалардын карызы

(млн. сом)

 

Дебитордук карыз

Кредитордук карыз

2015

2019

2019

2015-жылга карата пайыз менен

2015

2019

2019

2015-жылга карата пайыз менен

Баткен облусу

578,3

934,7

161,6

1 881,5

2 962,4

157,4

Жалал-Абад облусу

7 663,4

11 258,7

146,9

12 261,6

25 109,3

2,0 эсе

Ысык-Көл облусу

4 396,0

1 301,8

29,6

10 210,1

11 355,9

111,2

Нарын облусу

774,9

1 230,4

158,8

1 211,1

1 355,1

111,9

Ош облусу

929,0

3 266,0

3,5 эсе

2 898,5

4 856,2

167,5

Талас облусу

537,5

6 494,3

12,1 эсе

955,9

9 270,1

9,7 эсе

Чүй облусу

13 484,6

18 402,1

136,5

23 584,3

34 950,3

148,2

Бишкек ш.

62 243,8

97 577,8

156,8

92 648,6

142 549,3

153,9

Ош ш.

1 891,7

3 010,1

159,1

5 590,2

8 377,7

149,9

Облустарга бөлүнбөгөн

 ишканалар (уюмдар) *

22 258,1

12 876,8

57,9

10 926,7

5 223,0

47,8

 

*Электр энергетика, мунайзат продуктуларын жөнөтүү жана газды бөлүштүрүү боюнча ишмердиги, почта ишмердиги жана кайра иштетүүчү өнөр жай чөйрөлөрүндө ишмердик жүргүзүүчү республикалык маанидеги ишканалар.

2019-жылдын аягына карата банктардын кредиттери жана зайымдары боюнча карызы  2018-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 4,5 пайызга же 17 313,3 млн. сомго көбөйүү менен 403 548,9 млн. сомго жетти. Муну менен бирге, акыркы быш жылда алардын көлөмү 17,6 пайызга же 60 444,9 млн. сомго өскөн.

2019-жылы кредиттер жана зайымдар боюнча карыздардын суммаларынын олуттуу өсүшү негизги металлдар жана даяр металл буюмдарын өндүрүү ишканаларында (13 909,7 млн. сомго), дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (7 749,1 млн.), электр энергиясынын өндүрүү (чыгаруу), аны берүү жана бөлүштүрүү (2 812,9 млн.), курулуш (1 656,3 млн.), кокс жана тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүү ишканаларында (1 618,1 млн. сомго) байкалган. Ошол эле учурда, ушул карыздардын эң чоң салыштырма салмагы алардын жалпы карыздарынын көлөмүнүн 26,4 пайызы же 106 377,7 млн. сому - электр энергиясынын өндүрүү (чыгаруу), аны берүү жана бөлүштүрүү ишканаларына, 14,0 пайызы же 56 568,1 млн. сому - кесиптик, илимий жана техникалык (анын ичинде геологиялык чалгындоо) ишмердиктерине туура келет.

2019-жылы кредиттер жана зайымдар боюнча карыздарын басымдуу көлөмү - 255 509,2 млн. сом же анын жалпы көлөмүнүн 63,3 пайызы - КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн алынган карыздардын эсебинен калыптанган. Республиканын ичиндеги кредиттерге карыздардын жалпы суммасынын 28,4 пайызы (же 114 457,6 млн. сому) туура келген. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен негизги кредиторлор Россия (26 186,3 млн. сому же карыздардын жалпы көлөмүнүн 6,5 пайызы) жана Казакстан (7 102,1 млн. сому же 1,8 пайызы) болуп саналды.

Банктардын кредиттери жана зайымдары боюнча мөөнөтү өткөн карыздар 2019-жылдын аягына карата карыздардын жалпы көлөмүнүн 0,8 пайызын же 3 423,9 млн. сомун түздү. 2018-жылга салыштырганда анын суммасы 7,4 пайызга (же 237,1 млн. сомго) көбөйдү, ал эми 2015-жылга салыштырмалуу, тескерисинче, эки эсеге (же 3 347,9 млн. сомго) кыскарды.

2019-жылы банктардын кредиттери жана зайымдары боюнча мөөнөтү өткөн карыздардын көлөмүнүн 26,6 пайызы кесиптик, илимий жана техникалык (анын ичинде геологиялык чалгындоо) ишмердиктери, 21,8 пайызы - кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар боюнча ишканалары тарабынан жол берилген.

 

 

Финансы статистикасы бөлүмү                     |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                |тел. + 996 (312)  625591


Last updating: 24.07.2020, 15:17