2019-жылдын январь-мартындагы орточо айлык эмгек акы жөнүндө

Publications: 30.05.2019


2019-жылдын январь-мартында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 15 716 сомду түзүп, 2018-ж. тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,1 пайызга көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аныктаган валюталардын расмий курсунун натыйжасында 2019-ж. январь-мартында бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 225,2 АКШ долларын түздү.

Эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы республиканын бардык региондорундагы ишканаларда жана уюмдарда байкалды.

Орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин олуттуу жогорулашы Талас (8,6 пайыз) жана Жалал-Абад облустарынын (4,4 пайыз), ошондой эле Ош ш. (5,2 пайыз) ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Эмгек акынын эң жогорку өлчөмү Бишкек ш. (20 403 сом), Нарын (15 346 сом), Чүй (14 476 сом) жана Жалал-Абад облустарынын (14 339 сом) кызматкерлеринде катталган.

 

1-таблица: 2019-жылдын январь-мартындагы аймактар боюнча*

орточо айлык номиналдык эмгек акы*

 

Сом

Мурунку жылдын тийиштүү

мезгилине карата пайыз менен

Кыргыз Республикасы

15 716

104,1

Баткен облусу

10 720

102,6

Жалал-Абад облусу

14 339

104,4

Ысык-Көл облусу

11 723

102,2

Нарын облусу

15 346

103,0

Ош облусу

10 395

102,5

Талас облусу

13 200

108,6

Чүй облусу

14 476

103,1

Бишкек ш.

20 403

103,7

Ош ш.

13 908

105,2

*Чакан ишканаларды эсептебегенде.

 

__________________________________________________________________________

Эмгек жана иш менен

камсыз кылуу

статистикасы бөлүмү              | e-mail: jailobaeva@stat.kg;    | тел. + 996 (312)  626076

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү («Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).

 


Last updating: 30.05.2019, 17:32