2021- жылдын II жарым жылдыгына карата калктын ишениминин индекси жөнүндө маалыматты чыгаруу мөөнөтү жылдырылды

Publications: 19.01.2022


 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнүн жана курамынын өзгөрүүсүнө байланыштуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 токтому), Калктын ишеним индексинин (КИИ) жыйынтыгы 2022-жылдын март айынын биринчи декадасында жарыяланарын пайдалануучуларга маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан 2021-жылдын II жарым жылдыгында КИИ өткөрүү үчүн сунушталган анкета Улутстаткомдун дарегине 2022-жылдын 10-январында келип түштү.

Азыркы учурда Улутстатком маалыматтарды электрондук топтоо комплексин жакшыртып иштеп чыгуу боюнча, ошондой эле калкты сурамжылоо жана алынган маалыматтардын негизинде КИИ эсептөө иштерин жүргүзүүгө киришти.

 

_____________________________
Үй чарба статистикасы бөлүмү |e-mail: Y.Kalymbetova @stat.kg; |  тел. + 996 (312) 324655

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 19.01.2022, 16:21