2020-жылдын майындагы социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын чекене бааларынын обзору. ЕАЭБ мамлекеттеринин борборлору боюнча кыскача талдоосу

Publications: 22.06.2020


Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын майында ЕАЭБ мамлекеттеринин калган борборлору менен салыштырганда негизги тамак-аш азыктарынын максималдуу орточо керектөө баалары Москва шаарында катталды.

Таблица: 2020-жылдын майында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары1)

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

4,79

5,19

6,07

3,76

Койдун эти

4,57

6,23

7,73

-

Ак (каймак) май

4,12

6,81

12,14

7,30

Пастеризацияланган сүт, литр

0,71

0,74

1,09

0,63

Жумуртка, ондук

0,99

0,83

1,11

0,93

Биринчи сорттогу буудай уну

0,51

0,57

0,65

0,50

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,60

0,36

0,88

0,53

Картошка

0,41

0,41

0,45

0,44

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 Буудай унунун орточо керектөө баалары.

(-) - Өкүл - товардын жоктугу.

2020-жылдын майында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен Москва шаарында картошкага болгон максималдуу орточо чекене баа (1 килограмм үчүн 0,45 АКШ доллары), ал эми Бишкек жана Нур-Султан шаарларында - минималдуу чекене баа (1 килограмм үчүн 0,41 АКШ доллары)  белгиленген. Уй этинин эң төмөн баасы (1 килограмм үчүн 3,76 АКШ доллары) жана пастеризацияланган сүттүн (1 литр үчүн 0,63 АКШ доллары) - Минск шаарында байкалды. Кой этине минималдуу баалар Бишкек шаарында (1 килограмм үчүн 4,57 АКШ доллары) катталган.

График: 2020-жылдын майында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары

                (килограмм үчүн АКШ доллары)

 

2020-жылдын майында орточо чекене бааларынын деңгээли Бишкек шаарында пастеризацияланган сүткө Минск шаарында - 11,3 пайызга, уй этине - 21,5 пайызга, ал эми биринчи сорттогу ундан жасалган нанга Нур-Султан шаарында - 40,0 пайызга, Минск шаарында - 11,7 пайызга байкалган баалардан жогору болуп түзүлдү. Муну менен бирге, 2020-жылдын майында жумурткага болгон орточо керектөө баалар Бишкек шаарында Нур-Султан шаарындагы баалардын деңгээлинен 16,2 пайызга ашты.

Таблица: 2020-жылдын майында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттеринин борбор шаарларындагы орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

108,4

126,7

78,5

Койдун эти

100

136,3

169,1

-

Ак (каймак) май

100

165,3

294,7

177,2

Пастеризацияланган сүт, литр

100

104,2

153,5

88,7

Жумуртка, ондук

100

83,8

112,1

93,9

Биринчи сорттогу буудай уну

100

111,8

127,5

98,0

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

60,0

146,7

88,3

Картошка

100

100,0

109,8

107,3

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

272,9

645,1

1 353,9

686,3

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү кг менен

Уйдун эти

60,3

129,7

245,0

188,4

Койдун эти

63,1

108,0

192,3

-

Ак (каймак) май

70,0

98,9

122,5

97,1

Пастеризацияланган сүт, литр

405,5

914,2

1 368,7

1 124,4

Жумуртка, ондук

291,6

807,6

1 340,1

764,6

Биринчи сорттогу буудай уну

560,6

1 178,8

2 282,4

1 421,8

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

481,1

1 859,2

1 689,3

1 344,1

Картошка

696,1

1 658,8

3 320,9

1 593,0

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 2020-ж апрелиндеги - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2020-ж. мартындагы - Москва ш. боюнча,
2020-ж. 1-кварталындагы - Нур-Султан ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттердин айрым борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн2 салыштырма талдоосу көрсөтүп тургандай 2020-жылдын майында Бишкек шаарында бардык тамак-аш азыктары боюнча анын көрсөткүчтөрү алардын башка борборлордогу деңгээлдеринен артта калган, бул Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, орточо эмгек акыга Бишкек шаарында 700 килограммга чейин картошка же 561 килограммга чейин биринчи сорттогу унду, ал эми Москва шаарында – 4,8 эсеге көп (3 320,9 килограмм картошка) же 4,1 эсеге көп (2 282,4 килограмм унду) сатып алса болот. Минск шаарында бир айлык эмгек акыга 1,5 тонна, ал эми Бишкек шаарында – 2,5 эсеге аз (561 килограмм) биринчи сорттогу унду сатып алса болот.

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо эмгек айлык акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат.

______________________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                                |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 22.06.2020, 11:32