Экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын сатууларынын рентабелдүүлүгүнүнүн сереби

Publications: 04.07.2019


2018-жылы экономиканын реалдуу секторунда 18,7 миң  чарба жүргүзүүчү субъекттери ишмердигин жүргүзүштү. Экономика ишканаларынын жалпы санынан чейрек санынан ашыгы  соода чөйрөсүнө (26,1 пайызы), 15,3 пайызы - өнөр-жай тармагына, 11,9 пайызы - кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикке, 11,5 пайызы - курулуш тармагына туура келген.

2018-жылдын жыйынтыктары боюнча ишканалар тарабынан оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 27,0 млрд. сом өлчөмүндө пайда алынды. Рентабелдүү ишканалардын үлүшү алардын жалпы санынын 35,7 пайызын, ал эми чыгым тарткан ишканалардын үлүшү - 22,7 пайызын түздү.

Аймактар боюнча Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарынан башка, республиканын бардык облустарынын ишканалары тарабынан пайда алынды.

2015-жылды кошпогондо, акыркы беш жылдын ичинде финансылык көрсөткүчтөрдүн талдоосу экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын финансылык-чарбалык ишмердиктери рентабелдүү бойдон калганын көрсөттү. Экономиканын реалдуу секторунун бардык тармактары боюнча сатуулардын рентабелдүүлүгүнүн эң жогорку суммардык деңгээли 2016-жылы 13,4 пайыз өлчөмүндө белгиленген.

Экономиканын реалдуу секторунун бардык тармактары боюнча сатуулардын рентабелдүүлүк деңгээли  6,4 пайыз өлчөмүндө аныкталган. Сатуулардын рентабелдүүлүгү пайданын канча бөлүгү ишкананын түшкөн кирешесинде жаткандыгын көрсөтүп турат, ага жараша, экономиканын реалдуу секторунун ишканалары тарабынан алынган кирешенин (дүң кирешенин) 1 сомунан орточо 0,06 сом (6 тыйын) пайда алынган. 

Муну менен бирге, ишканалардын операциялык (негизги) ишмердигинен  сатуулардын рентабелдүүлүк деңгээли, финансылык-чарбалык ишмердиктен анын жалпы маанисинен 3,6 пайыздык пунктка ашуу менен 10,0 пайызды түзгөндүгүн, жана бул операциялык эмес ишмердиктен келип чыккан чыгымдардын эсебинен баланстык кирешенин көлөмүнүн төмөндөөсү менен шартталгандыгын белгилей кетүү керек.

Ченемдерге ылайык, жогорку рентабелдүүлүктүн категориясына  20 пайыздан 30 пайызга чейинки чектеги  сатуулардын рентабелдүүлүк деңгээлине ээ болгон ишканалар кирет. 2018-жылы жогорку рентабелдүүлөргө  финансылык ортомчулук (30,9 пайыз), соода (20,3 пайыз) чөйрөлөрүндөгү уюмдар кирген.

Рентабелдүүлүктүн орточо деңгээли, пайдалуу кендерди казуу, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, маалымат жана байланыш ишканаларында, кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар боюнча уюмдарда, административдик жана көмөкчү ишмердиктер, ошондой эле башка тейлөө ишмердиктери боюнча уюмдарда алардын мааниси 10 пайыздан 20 пайызга чейинки чектерде болуп келген.

Айыл чарба, курулуш, билим берүү, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө ишканалары сыяктуу ишмердиктин түрлөрүн жүргүзүүчү ишканалар сатуу рентабелдүүлүгүнүн 10 пайыздан азыраак деңгээлине жетишишти жана өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча рентабелдүүлүгү төмөн категорияга киришти. Муну менен бирге, анысына карабастан алардын ишмердиги рентабелдүү экендигин белгилей кетүү керек.

Муну менен катар, 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча кесиптик, илимий жана техникалык ишкердик (геологиялык чалгындоону кошкондо) ишканалары, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), мунайзат продуктуларын өндүрүү, химикалык продуктуларын өндүрүү ишканалары, суу менен жабдуу, тазалоо жана калдыктарды иштетүү ишканалары, мейманканалар жана ресторандар чыгымдарга жол беришти, бул сатуулардын рентабелдүүлүгүнүн терс маанилеринин пайда болушуна алып келди.

Таблица: Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын сатууларынын рентабелдүүлүгү *
  (пайыз менен)

 

2014

2015

2016

2017

2018

Бардыгы

1,9

-8,5

13,4

6,7

6,4

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык
 уулоочулук

5,4

-5,8

12,2

15,6

6,3

Пайдалуу кендерди казуу

-31,1

-102,8

15,6

12,0

10,4

Иштетүү  өндүрүшү

5,0

0,4

12,4

10,1

8,1

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо

-23,2

-43,4

9,5

-22,6

-11,0

Cуу  менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды
 иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

-4,9

-9,7

0,9

-6,1

-1,8

Курулуш

-1,2

-6,3

10,7

3,6

3,1

Дүң жана чекене соода; автоунааларды
   жана мотоциклдерди оңдоо

16,3

0,5

19,5

22,7

20,3

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

6,5

4,9

14,9

15,3

10,5

Мейманканалар жана ресторандар

-21,1

-24,4

0,0

-7,4

-2,5

Маалымат

12,1

15,4

13,1

17,5

12,0

Байланыш

27,3

26,3

19,5

20,3

17,9

Финансылык ортомчулук

-8,7

1,0

25,3

20,6

30,9

Кыймылсыз мүлк операциялары

14,5

-10,9

20,2

21,8

17,0

Кесиптик, илимий жана техникалык
 ишкердик

-112,6

-140,8

15,9

-60,5

-49,9

Административдик жана көмөкчү ишмердик

9,1

6,2

14,5

16,0

14,1

Билим берүү

0,1

5,4

5,0

3,1

3,7

Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө

1,8

-1,3

7,4

4,8

7,0

Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу

11,2

-3,4

6,6

-3,5

4,1

Башка тейлөө ишмердиктери

9,9

5,0

18,4

22,8

19,2

 *Сатуулардын рентабелдүүлүгү теңдемдик пайданын (чыгымдын) ишкана тарабынан отчеттук мезгилде алына турган продукцияларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып өткөрүүдөн түшкөн пайдага (дүң кирешеге) болгон катышы катары эсептелет.

 

 

 

_______________________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү                  |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                    |тел. + 996 (312)  626073

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).

 


Last updating: 04.07.2019, 10:14