Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында билим алышкандардын 29 пайызга жакынын чет өлкөлүк студенттер түздү

Publications: 18.02.2021


2020/2021- окуу жылынын башталышына карата  республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында 63 миңден ашуун чет элдик студенттер билим алышты, же  жалпы студенттердин 29 пайызга жакынын түздү.

Басымдуу бөлүгү - 44 миңге жакын адам, же 69% КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер, алардын саны беш жыл аралыгында 5,4 эсеге көбөйгөн. Муну менен бирге  Өзбекистандан келген студенттердин саны кыйла өстү, окуп жаткандардын жалпы санынын үлүшү 7% дан  86%  чейин көбөйгөн.

 Ошол эле убакта  2016/2017- окуу жылынын башталышына салыштырмалуу Казахстандан келген студенттердин үлүшү  тескерисинче, 57% дан 5% чейин төмөндөгөн.

                       КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттердин саны

                                (окуу жылынын башталышына карата, пайыз менен)

Окуп жаткандардын санынын өсүү тенденциясы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттердин арасында да байкалууда, алардын үлүшү өткөн беш жылда 6 миңден 19 миң адамга же 3 эсеге көбөйдү. Муну менен бирге  Индиядан келген студенттердин үлүшү бул мезгил ичинде 73% дан 63% чейин төмөндөгөн  болсо, ал эми  Пакистандан келген студенттердин үлүшү тескерисинче  6% дан 31% чейин көбөйгөн.

                        КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттердин саны

                                  (окуу жылынын башталышына карата, пайыз менен)

"Билим берүү тармагындагы негизги тенденциялар" аттуу түз эфирди көрүү 

____________________________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Last updating: 18.02.2021, 16:52