Эмгек акы: Улутстатком пайдалануучларды статистикалык маалыматты туура чечмелөөгө чакырат

Publications: 09.09.2020


Улутстатком эл аралык тажрыйбада колдонулган, атап айтканда, Эл аралык Эмгек Уюмунун камкордугу астында Эмгек статистикасынын Эл аралык конференциясында кабыл алынган эмгек жана айлык акы боюнча статистикалык маалыматты туура чечмелөөгө чакырат. Белгилей кетсек, эгемендүүлүк жылдары орун алган институтционалдык өзгөрүүлөрдөн улам, экономиканын уюшулган секторундагы иштеген кызматкерлердин саны 1991-жылкы көрсөткүч 66 пайыздан 2019-жылы 25 пайызга төмөндөгөн. Буга байланыштуу айлык акы калктын негизги киреше булагы болбой калган. Калктын 76 пайызы үчүн негизги киреше бөлүгү айыл-чарба тармагы жана ишкерчилик болуп келет. 

Азыркы учурда Улутстаком юридикалык тараптар берген статистикалык отчетко ылайык, жалданып иштеген кызматкерлердин орточо айлык акысын эсептеп чыгарат. Статистикалык отчеттор эл аралык уюмдардын рекомендациясынын негизинде иштелип чыгып, юридикалык жактар тарабынан толтурулат. Ай сайын Улутстаткомдун дарегине кызматкерлердин саны жана айлык акынын өлчөмү тууралуу отчетту 16 миңге жакын ишканалар жана уюмдар тапшырат.

Республикада айрым тармактагы кызматкерлердин айлыгы 9,8 миңден 36 миң сомго чейинки өлчөмдү түзөт. 2020-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы (кичи ишканаларды эске албаганда)17 999 сомду түзүп, 2019-жылдын январь-июнунан салыштырмалуу 10,5 пайызга көбөйдү.

Эң эле жогору орточо айлык акысы финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагынын кызматкерлеринде аныкталды – 36 028 сом, маадымат жана байланыш тармагында – 35 133 сом жана пайдалуу кен казуу тармагында – 35 005 сомду түздү.

Ал эми искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагынын кызматкерлери – 9 829 сом, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан камсыздоодо – 10 750 сом жана билим берүү тармагында – 14 509 сомду түзүп, республикалык орточо айлык акынын деңгээлинин төмөн орунду ээледи. 

Көрүнүп тургандай, ишмердиктин түрлөрү боюнча орточо акы бирдей эмес. Мисалы, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагындагы акынын өлчөмү башка экономикалык ишмердиктин түрлөрүнө караганда кыйла аз. Мындай абал социалдык чөйрөдө иштеген кызматкерлердин көбү мамлекеттин каржылоосунда болуп, айлык акысы дагы мамлекеттин бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө көз каранды болот.  

Жыйынтыгында, Улутстатком статистикалык маалыматтын пайдалануучуларына кайрылып, кайсы бир маалыматка күмөн саноодон оолак болуп, Улутстаткомдун расмий сайтынан маалымат алууга чакырат. Мында пайдалануучулар үчүн деталдуу статистикалык маалымат берилет, атап айтканда эмгек жана айлык акы тууралуу статистика жана аны эсептөөнүн методикасы сунушталат.

2020-жылдын январь-июнда экономикалык ишмердиктин орточо айлык эмгек акысы1

(сом​)

 

1 Чакан ишканаларды эсептебегенде.

****

 

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси). Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Last updating: 09.09.2020, 15:12