Ош облустук мамлекеттик статистика башкармалыгы “Статистика бардыгы үчүн” темасында Ачык эшиктер күнүн өткөрдү

Publications: 26.12.2018


Ош облустук мамлекеттик статистика башкармалыгы “Статистика бардыгы үчүн”  темасында Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Иш-чарада саламдашуу менен, Ош облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын жетекчиси Медербек Ражапов сөз сүйлөп, мамлекеттик статистиканын борбордук максаттарынын бири - бардык категориялардагы колдонуучуларга статистикалык маалыматка бирдей жеткилик берүү жана алардын ишенимин жогорулатуу болуп эсептелерин белгиледи. Ош облустук мамлекеттик статистика башкармалыгы, берилип жаткан статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатуу жана аны ыңгайлаштыруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын айтты.

Иш-чара Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, министирликтердин жана административдик мекемелердин жергиликтүү түзүмдөрүнүн, окуу жайларынын, массалык маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен болуп өттү.

Ош облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери катышуучуларга,  “Эл каттоо жөнүндө” презентациясы менен тааныштырды, ошондой эле статистикалык маалыматтарды таратуунун заманбап методдору жөнүндөгү маалыматтарды камтыган, жашоо минимуму, орточо айлык акы, облустун тышкы соодасы ж.б. жөнүндө бир катар презентацияларды көрсөтүп беришти.

 


Last updating: 26.12.2018, 10:48