Жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарда студенттердин санынын азайышы белгиленди

Publications: 23.01.2018


2017/2018-окуу жылынын башына карата республикада 2262 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюм иштеген. Аларда 1,2 миллион окуучу окуган. Алардын ичинен, окуу жылынын башында биринчи класска кабыл алынган, 141 миң бала, 79 пайызга жакыны окууга чейинки даярдык өтүшкөн. Жалпы билим берүү уюмдарында 81 миңге жакын педагогдор иштешет.

2017/2018-окуу жылынын башына карата 145 орто кесиптик билим берүүчү уюмдар (ОКББУ) иштеп, алардагы студенттердин саны 92 миңге жакын, бул мурунку жылга салыштырганда 1,4 пайызга көп. Мурдагыдай эле үлүшүнө студенттердин жалпы санынын 86 пайызынан көбү туура келген окуунун келишимдик түрү басымдуулук кылат. ОКББУ уюмдарда 7 миңден ашык окутуучу иштейт.

2017/2018-окуу жылынын башына карата 51 жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарда (ЖКББУ) 162 миңден ашык студент билим алууда, студенттердин саны мурунку жылга салыштырганда 7,6 пайызга азайды. Студентердин жалпы санынын ичинен келишимдик негизде билим алгандардын үлүшү 84 пайызга жакын. ЖКББУ уюмдардын тутумунда 12 миңге жакын окутуучу иштейт.

_____________________________________________________________________________

Социалдык статистика      |e-mail: j.rahmanova@stat.kg;            |тел. + 996 (312) 32 46 52                                    

бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү(“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 23.01.2018, 15:56