2019-жылга карата статистикалык отчеттуулуктун айрым формалары жокко чыгарылды

Publications: 17.09.2018


Статистикалык өндүрүштү жана анын натыйжаларын баалоо, пайдалануучулардын керектөөлөрүн сапаттуу ишенимдүү статистикалык маалыматтар менен камсыздоо процесстерин башкарууну жетилте өздөштүрүү максатында жана бизнес–коомчулуктун өтүнүчтөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Улутстаткому респонденттерге болгон жүктөрдү төмөндөтүү, мамлекеттик статистикалык отчетуулуктун формаларын жана кайталоочу көрсөткүчтөрдү кыскартуу боюнча иштерди туруктуу түрдө жүргүзүп турат. 

 Ошондой эле, отчеттук 2019-жылга карата чакан ишканалар үчүн отчетуулуктун формаларын берүү мөөнөттөрүн оптималдаштыруу максатында, №1-ФХД (микро) «Чакан ишкана ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө» жана 2018-жылдын 4-кварталына №1-Ф «Ишкана ишмердигинин негизги финансылык көрсөткүчтөрү жөнүндө отчету» боюнча статистикалык маалыматты чогултуу жана статистикалык отчетуулуктун кварталдык формаларын берүү жокко чыгарылды.

Муну менен катар, 2019-жылга карата Статистикалык иштердин программасында  жогоруда көрсөтүлгөн жылдык формаларды берүүнүн мөөнөттөрү аймактык статоргандар тарабынан 5 календарлык күнгө (20- апрелден 15-апрелге) жана пайдалануучулар үчүн Улустатком тарабынан 2019-жылы  20 календарлык күнгө (25-июнунан 5-июнуна) жылдырылды. Бул ишканаларга ушул формалар боюнча статистикалык отчетуулуктун жылдык формаларын толтурууда ишканалардын дыкат ыклас коюсуна мүмкүндүк берет.   

Отчеттуулуктун бланктарын тираждап басып чыгаруу боюнча бюджеттик каражаттардын үнөмдөлүшү кыскартылган түрдө 50 000 сомго жакынды түзөт.

Кененирээк маалымат алуу үчүн 62-55-91, 66-42-09 телефондору боюнча КР УСКнын финансы статистикасы бөлүмүнө кайрылууну өтүнөбүз.  


Last updating: 17.09.2018, 15:49