ЭЛ КАТТОО 2020: Улутстатком респонденттердин маалымат коопсуздугун камсыздайт!

Publications: 02.03.2020


2020 жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин Кыргызстанда элди жана турак жай фондду каттоо жүргүзүлөт. Эл каттоо – он жылда бир өтө турган маанилүү иш чара болуп саналып, өлкөнүн келечегин аныктоого жардам берет. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери респонденттерге маалымат коопсуздугун камсыздайт. Каттоо жүргүзүп жаткан кызматкерди айырмалоочу белгилерден тааныса болот. Ар бир кызматкер каттоочунун күбөлүгүн көрсөтүүгө милдетүү. Анда:

-кызматкердин сүрөтү, аты-жөнү;

-Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин кол тамгасы;

-шаар мэринин кол тамгасы;

-аймактык мамлекеттик статистика органынын жетекчисинин кол тамгасы;

-тийиштүү мөөрлөр көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, коопсуздук максатында жана эсептөөчүнүн аныктыгын күбөлөндүрүү үчүн ар бир эсептөөчүнүн күбөлүгүнүн уникалдуу QR-коду менен болот. Аларды каттоо үчүн алдамчыээмес, а каттоочунун өзү келгенине респонденттер ишеним алгысы келсе, алар QR-кодун сканерден өткөрө алышат. Сканерден өткөргөндөн кийин смартфондун экранында УСКнын серверине шилтеме чыгат, анда  каттоочунун: анын сүрөтү жана фамилиясы, аты, атасынын аты боюнча маалымат жайгаштырылат. Бирок жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоо максатында каттоочунун ФААнын бир канча тамгасы жабык болот.

Каттоо аяктагандан кийин, каттоочунун күбөлүгү жараксыз деп табылат.

Каттоонун жыйынтыкталган маалыматтарын даярдоо, жарыялоо жоопкерчилиги Кыргыз республикасынын Улуттук статистика комитетине жүктөлгөн.

Улутстатком респонденттерге маалымат коопсуздугун камсыздайт!

Улутстаткомдун ролиги: Каттоочуну кантип билсе болот? 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |

 

Last updating: 02.03.2020, 16:41