2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун өсүшү байкалууда

Publications: 14.01.2022


Ички дүң продукт (ИДП), алдына-ала баалоо боюнча, 2021-жылдын январь-декабрында, өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 3,6 пайызга жогорулоо менен 723 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 668 млрд. жакын сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,9 пайызга жогорулаган.

2020-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу ИДПнын өсүшү негизинен кызмат көрсөтүү жана өнөр жай тармактары тарабынан камсыздалган. Мында 2020-жылдын январь-декабрында 2019-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 9,8 пайызга төмөндөсө, 2021-жылдын январь-декабрында 2020-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу, тескерисинче, алардын 6,5 пайызга көбөйүшү камсыз кылынды. Ушундай эле тенденция өнөр жай тармактарында 2020-жылы өсүү темпи 7,0%га төмөндөгөн болсо, 2021-жылы 7,2%га жогорулаганы байкалган.

2021-жылдын январь-декабрында ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (45,2 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 1,1 пайыздык пунктка азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 1,5 пайыздык пунктка кыскарды жана 41,4 пайызды түздү.  ИДПнын түзүмүндөгү өнөр жай тармагынын үлүшү 18,4 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,9 пайыздык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 8,3 пайызга жана 1,7 пайыздык пунктка төмөн болду, ал эми ушул эле учурда айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 14,7 пайызды түзүү менен 1,1 пайыздык пунктка көбөйдү.

2021-жылдын январь-декабрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2020

2021

ИДП

723 122,2

103,6

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

299 160,8

100,5

42,9

41,4

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

106 170,3

95,0

13,6

14,7

Өнөр жай

132 661,7

107,2

19,3

18,4

Пайдалуу кендерди казуу

13 729,5

121,2

1,2

1,9

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

97 299,1

107,0

14,5

13,5

Электр энергия, газ, буу жана

19 433,0

101,2

3,3

2,7

кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

19 433,0

101,2

3,3

2,7

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

2 200,1

128,3

0,3

0,3

Курулуш

60 328,8

95,2

10,0

8,3

Кызмат көрсөтүү тармактары

326 878,0

106,5

46,3

45,2

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

126 742,0

111,4

16,4

17,5

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

25 148,5

118,0

3,1

3,5

Мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги

8 607,2

114,3

1,1

1,2

Маалымат жана байланыш

18 880,5

112,9

2,7

2,6

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

147 499,8

100,3

23,0

20,4

Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

97 083,4

103,6

10,8

13,4

________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Last updating: 14.01.2022, 13:42